Кабулдун аскердик аэропортунун жанында жардыруу болду
1-январда Ооганстандын борбору Кабулдун аскердик аба майданынын сыртында жардыруу болду. Андан мерт болгондор жана жаракат алгандар бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таков билдирди. Ал курмандыктардын санын жана жардыруунун артында ким турушу мүмкүндүгүн тактаган жок. Иликтөө жүрүп жатканын гана белгиледи. Соңку мезгилде Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобунун кандуу чабуулдары күчөдү. Бул топ бир нече жуманын ичинде Кабулдагы бир катар негизги жайларды бутага алды. Читать дальше...