smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 05.01.2023

Ооган кыргыздары: Тумоо каптап, көз жумгандар бар

Azattyk.org 

Коңшу Казакстанды козгогон кандуу окуяларга бир жыл болду. Суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу нааразылык акциясын улай тутанган кандуу тополоң кеминде 238 кишинин өмүрүн алган. Ооганстанда миңдеген балдардын өпкөсү кагынып, дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясы жайылууда. Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздардын арасында да ооруп, көз жумгандар бар. Бишкекте наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган беш дарыгер үй камагына чыкты.

Мас айдоочунун күбөлүгү алынат

Azattyk.org 

Мас абалда рулга отургандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эгерде мас айдоочу биринчи жолу кармалса бир жылга, дагы кайталанса үч жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. ИИМ жол эрежесин бузгандар үчүн айыппулдун өлчөмүн жогорулатты.

Наристенин өлүмү: Дарыгерлердин кармалышы реформа маселесин козгоду

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук соту үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган дарыгерлерди үй камагына чыгарды. Бул окуя кыргыз медицинасындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, тармакты реформалоо маселесин козгоду. Беш дарыгер үй камагына чыкты 5-январда Бишкектин Ленин райондук соту Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын жана Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун камактагы беш кызматкеринин бөгөт чарасын өзгөртүп, аларды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Чынара Жакупбекова билдирди. Читать дальше...

Январь окуялары: Бишкек Астананын билдирүүсүн төгүндөдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 5-январда Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айткандарын четке какты. Мекеменин билдирүүсүндө бир дагы кыргызстандык былтыркы кандуу окуяларга аралашпаганы жазылган. Ага чейин казак башкы прокурору мажилисте сүйлөгөн сөзүндө массалык баш аламандыкка шектелгендердин арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деп  айтып чыккан. Берик Асылов чет... Читать дальше...

Кырылган кызыл колтук бака

Azattyk.org 

Мындан беш-он жыл мурда Кыргызстандын саздары менен сууларынан кызыл колтук баканы көпчүлүгүбүз көрсөк керек. Азыр бул баканы күндүз чырак менен да издеп таппайсыз. Адистер "Кызыл китепке" кирген кызыл колтук баканын жоголуп кеткенин биринчиден климаттын өзгөрүшүнөн, экинчиден, адамдардан көрүшөт.

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор мөөнөтүнөн мурда камактан чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашитжан Кадыров мөөнөтүнөн мурда камактан чыкты. Ал 29-декабрда Ташкент облусунун Занги-Ата райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө бошотулганын "Азаттыктын" өзбек кызматы соттогу булактарына таянып жазды. Кабар расмий тастыктала элек. “Эзгулик” адам укуктары коомунун төрагасы Абдурахман Ташанов Кадыровдун эркиндикке чыкканын бышыктады.  Кадыров жана анын 12 шериги 2018-жылы кармалган. Ал 2019-жылдын июнунда 10 жылга эркинен ажыратылган. Кадыровго "Опузалоо"... Читать дальше...

Amazon 18 миңден ашуун кызматкерин кыскартат

Azattyk.org 

Америкалык Amazon компаниясы 18 миңден ашык кызматкерин кыскартат. Бул -  пландагыдан сегиз миңге көп жана компаниянын тарыхындагы эң чоң кыскартуу. Мындай чечим экономикадагы туңгуюктун шартында жана акыркы эки жылда көп сандагы кызматкерлердин жумушка алынганына байланыштуу кабыл алынды. Amazon компаниясынын башкы директору Энди Жесси билдиргендей, негизинен сатуучулар жана жалданган жумушчулар кыскартылат. Иштен бошотулгандарга акчалай кенемте берилет жана башка ишке орношууга жардам көрсөтүлөт. Читать дальше...

Наристенин өлүмү: тергөө абагындагы дарыгерлер үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги Ленин райондук соту 5-январда наристенин өлүмүнө байланыштуу камалган беш дарыгердин бөгөт чарасын карап, аларды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыккка" адвокат Чынара Жакупбекова билдирди. Башкалаа тургундардын биринин үч жашар баласынын ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык оорусуна, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган. Буга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгоп, алты дарыгерге айып тагылган. Алардын бири үй камагына чыгарылып... Читать дальше...



Январь окуялары: Кыргызстандын ТИМи Асыловдун айткандарын төгүндөдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айткандарын четке какты. Анда бир дагы кыргызстандык былтыркы кандуу окуяларга аралашпаганы жазылган. "Министрлик Казакстандагы былтыркы кейиштүү окуяларга кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тийиштиги бардыгын караманча четке кагат. Ошону менен катар эле Кыргызстандын эки жарандын калайман баш аламандык фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөдө жоопко тартылып... Читать дальше...

Ооганстанда тумоонун оор түрүнө кабылган балдар көбөйдү

Azattyk.org 

Талибдер башкарып жаткан Ооганстандагы гуманитардык кризистин тушунда балдар арасында пневмония жана дем алуу органдарынын жугуштуу инфекциясы жайылууда. Айрыкча кыш келгени абал курчуп кеткен. Эл аралык Кызыл Чырым комитети беш жашка чейинки балдардын тумоолоп ооруканага жаткырылганы былтыркыдан 50% көп болгонун билдирди. Эки жылдай мурун Кабулда "Талибан" бийликти кулатып, өлкөнүн башына келгени чет элдик жардамдын эсебинен күн көрүп, терең кризиске баткан. 2022-жылдын декабрында талиб өкмөтү... Читать дальше...

Аба ырайы: Чүй, Талас, Баткен жана Жалал-Абадда күндүз кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +4…+9; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +3…+8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7; Нарын облусунда түнкүсүн -12…-18... Читать дальше...

Дайырбек Орунбеков "Мега" компаниясынын кызматын колдонууга чакырды

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков мамлекеттик "Мега" (мурдагы "Мегаком") мобилдик компаниясынын кызматын колдонууга чакырды. Ал Фейсбуктагы баракчасына "биздин үйдөгүлөр мамлекеттин “Мега” уюлдук байланыш кызматын колдонобуз. Башкаларды дагы мамлекеттикине өтүүгө чакырам. Ага түшкөн пайда, кирешелери мамлекетке калат. Мамлекетке көп каражат түшсө - айлык, жөлөк пул, пенсия көлөмү өсөт. Мектептер дагы көп курулат, жолдор салынат",-деп жазды. Анын... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Жээнбеков камоолор мыйзамсыз болгонун билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Адвокаттар ассоциациясы Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар мыйзамсыз кармалган деп эсептей турганын саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Ал 5-январда “Фейсбуктагы” баракчасына ассоциациянын түшүндүрмөсүн жарыялады. Түшүндүрмөдө адегенде тийиштүү экспертиза жүргүзүлүп, камакка алуу же албоо чечими ошондон кийин гана кабыл алынышы керек болгону белгиленген. “Башкача айтканда, кылмыш жообуна тартып, бөгөт чарасын аныктоо алдында тергөө экспертизанын жыйынтыгын алышы керек болчу... Читать дальше...

Караколдо эл аралык туристтик жарманке ачылды

Azattyk.org 

Караколдо бүгүн 5-январда кезектеги KARAKOL FAIR эл аралык туристтик жарманкеси ачылды. Үч күн бою Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын имаратында конокторго жергиликтүү жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, экологиялык таза азыктар тартууланат жана экскурсиялар, концерттер уюштурулат. Иш-чараны уюштурган “Дестинация Каракол” уюмунун маалыматына караганда, былтыр бул жарманкеге жалпысынан 4,5 миңдей адам катышкан, быйыл да коноктор көп болууда. Бишкектен 400 чакырым аралыкта, Ысык-Көлдүн... Читать дальше...

Өкүлдөр палатасынын спикери алты аракеттен кийин дагы шайланбай калды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарында 4-январда Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери алтынчы аракеттен кийин дагы шайланбай калды. Республикачылардын талапкери Кевин Маккарти бейшембиде да тийиштүү колдоо алган жок жана алтынчы раундда 201 гана добуш топтоду, Анын бул кызматка келиши үчүн кеминде 218 конгрессмендин добушу керек. Республикачылардын дагы бир талапкери Байрон Дональдс 20 добуш алды. Демократтардын талапкери Хаким Жеффристи фракциялаштарынын баары колдоп, 212 добуш топтоду. Буга чейин Маккарти спикер... Читать дальше...

ИИМ: Былтыр 13 миң мас айдоочу кармалган

Azattyk.org 

Кыргызстанда былтыр милициянын колуна түшкөн мас айдоочулардын саны 13 миңден ашканын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы бул көрсөткүч 12 миң болгон. Мас болуп алып машина айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоору 29-декабрда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынган. Депутаттарга маалымат берген ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев “Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Читать дальше...

Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түштү

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу машине жолунун 75-чакырымына түшкөнүн кабарлады. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткү пайда болгондуктан бул жол  убактылуу жабылганын билдирди. "Аталган жолдун 47 жана 107-чакырымдарында атайын бекеттер уюштурулган. Бүгүн тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын техника тартылды. Кошумча маалымат берилет",-деп билдирди аталган министрлик. Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Читать дальше...

Январь окуялары: кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон

Azattyk.org 

Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кыйноо беренеси менен 329 кылмыш иши козголгон жана анда полициянын, коопсуздук кызматынын 39 кызматкерине айып коюлган. Бул тууралуу башкы прокурор Берик Асылов 5-январда парламентте билдирди. Анын айтымында, Алматы облустук полициясында кыйноо  көргөн 24 адамдын иши тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Ошондой эле  Талды-Коргондо, Алматыда жана Семейде кыйноодо мерт болгон үч адамдын иши тергелип бүттү. Башкы прокурор күнөөлүүлөр жазасыз калбасын айтты. Асыловдун ырасташынча... Читать дальше...

Келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында келерки аптада аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөй турганын 5-январда “Азаттык” радиосуна Гидрометео борбордон билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 8-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 9-январдан тартып өрөөндөрдө абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градуска чейин төмөндөп, 11-январдан кийин андан да суук болот. Бүгүн 5-январда Чүйдө жана Бишкекте күн жылып, абанын температурасы +10 градустун тегерегинде болууда. (RK)

Сурамжылоо: Жаштардын 89% чет өлкөдө иштеп же билим алууну каалайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда жаштардын 89% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалай турганы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) агенттиктеринин жардамы менен уюштурулган сурамжылоодо белгилүү болду. “Кыргызстандагы жаштардын 2022-жылга карата бакубатчылык жана өнүгүү индекси” деген сурамжылоонун жыйынтыгы 5-январда жарыяланды. Ага катышкан жаштардын 13,3% миграцияга кеткенден кийин кайра Кыргызстанга кайтып келүүнү пландабай турганын айтышкан. 30% өздөрү же үй-бүлө мүчөлөрү буга чейин эмгек миграциясында болгонун айтып беришкен. Читать дальше...

Рузахуновдун ишине байланыштуу материалдар Казакстанга жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Казакстандагы Январь окуяларында сабалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов ишине байланыштуу чогулган бардык материалдарды, экспертизанын жыйынтыгын Казакстанга декабрь айында жөнөттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди. "Кылмыш иши эки тарапта тең "кыйноо" беренеси менен козголгон. Бул кызмат адамдары жасаган кылмыштарга кирет. Казакстандагы тергөө эми кайра жанданат. Анткени экспертизалар дайындалган маалда убактылуу токтотулган. Читать дальше...

Январь окуясына бир жыл: Викрам жана Чолпонбек кордуктан кийин

Azattyk.org 

Кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Казакстандагы Январь окуяларына бир жыл толду. Ал ирет Кыргызстандын эки жараны да каза болгон. Айрым кыргызстандыктар камакка алынып, кээ бири кыйноого кабылып, ден соолугун жоготуп, бүгүнкү күнгө чейин калыбына келе албай убара. Коомдо резонанс жараткан Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковдун “кыйноо” боюнча кылмыш иштери азыр да тергелип бүтө элек. Алар коңшу өлкөдө ырайымсыз ур-токмокко алынып, кабырга-буту сынган, баш-мээси чайкалган оор абалда Кыргызстанга жеткирилген.

Январь окуялары: башкы прокурор Токаев буйрук бергенге чейин ок атылганын айтты

Azattyk.org 

Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов туура бир жыл мурда Январь окуяларында күч органдары ок чыгарган жагдай тууралуу комментарий берди. Ал 5-январда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып нааразылык акцияларында президент Касым-Жомарт Токаев "эскертүүсүз атууга" буйрук бергенге чейин эле күч органдары ок чыгарганын айтты. "Кол салгандарды атуу президенттин буйругуна чейин эле башталган. Бул жагдай мыйзамдын нормалары менен жөнгө салынган. Күч кызматкерлери биринчи окту 5-январда... Читать дальше...

Декларация: малы көп, үйү “жок” чиновниктер

Azattyk.org 

Салык кызматы Кыргызстандагы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Алдыда президент баштаган чиновниктердин бир жылда тапкан-ташыганы жана чыгашасы тууралуу сөз кылабыз. Президент жана анын администрациясы Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом киреше тапкан жана айыл чарба багытындагы 0,6 гектар жер тилкеси көрсөтүлгөн. Жакындарынын аянты 17 чарчы метр гаражы бар. Мамлекет башчынын чыгашасы, турак жайы боюнча маалымат жок. Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-январында президенттик кызматка киришкен. Читать дальше...

Өзбекстанда дагы сегиз бала "Док-1 Макс" дарысынан зыян тартты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жети, Ферганада бир бала жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" дарысынан зыян тартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Олтиной Эсанова билдирди. Анын маалымдашынча, төрт бала сакайып ооруканада чыкты, учурда үч баланын абалы оор, алар бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Quramax компаниясы 2022-жылы алып келген бардык дары-дармектерди сатууну токтотууну тапшырган. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жаңы министр... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *