Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 07.01.2023

"Камбар-Ата-1" ГЭСин үч өлкө түзгөн ишкана башкарат

Azattyk.org 

"Камбар-Ата-1" ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов "Азаттыкка" билдирди. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт. "Ал ишкана Кыргызстанда катталат жана баары тең биздин колдо болот”, - деди Жакыпов. 6-январда Бишкекте, Энергетика министрлигинде Кыргызстандын... Читать дальше...

“Камбар-Ата-1ди” үч кошуна бирге курат

Azattyk.org 

Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшту. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошту. Бул ондогон жылдардан бери айтылып, бирок ишке ашпай келаткан “Камбар-Ата-1” долбоору боюнча коңшулар менен кабыл алынган биринчи документ болуп калды. Энергетика министрлери кол койгон жол картасы жана Борбор Азиядагы эң ири энергетикалык проект тууралуу алдыда сөз кылабыз. Үлүштөрдүн... Читать дальше...

8-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +6…+11; Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3... Читать дальше...

Өзбекстан: балдардын өлүмүнөн кийин төрт киши кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган 19 баланын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында төрт киши камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы 6-декабрда кабарлады. Алардын экөө - Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жооптуу кызматкерлери "Док-1 Максты" лабораториялык текшерүүдөн өткөрүүдө талаптарды одоно бузган деп айыпталып жатат. Кармалгандардын дагы экөө сиропту Өзбекстанга импорттогон Quramax Mediсal компаниясынын кызматкерлери экени кабарланды. Читать дальше...

Кутум жана криминал. Казак бийлигинин Январь окуясына баасы

Azattyk.org 

Казакстандын парламентинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилери 2022-жылдын январь айында бир жылдан ашык даярдалган төңкөрүш аракети оңунан чыкпай калганын айтып чыгышты. Алар материалдардын купуялыгына шылтоолоп, жаңы маалымат беришкен жок. Бирок ошол эле учурда алар президенттин “эскертүүсүз ок атуу” жөнүндөгү буйругу тууралуу талкуулар коомдук пикирди бир жыл мурун болгон окуядан алаксытып жатат деп баса белгилешти. ТӨҢКӨРҮШ ЖАСОО АРАКЕТИ, КЫЛМЫШТУУ ТОПТОР ЖАНА УКК ТЕСКӨӨСҮ: ПРОКУРОР ЭМНЕ ДЕДИ?... Читать дальше...

Кевин Маккарти АКШнын Өкүлдөр палатасынын төрагасы болду

Azattyk.org 

Республикачыл Кевин Маккарти конгрессмендердин төрт күндөн бери кайталанып жаткан 15-жолку добуш берүүсү менен Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын төрагасы болуп шайланды. Калифорниялык 57 жаштагы депутат Республикалык партиянын консервативдик канатынын өкүлдөрүнүн добушун алуу үчүн олуттуу жеңилдиктерге барууга аргасыз болгону белгиленген. Алар буга чейинки добуш берүүлөрдө Конгресстин төмөнкү палатасынын ишине байланыштуу Маккартиге бир катар талаптарды коюп жаткан. Буга чейинки добуш берүүлөрдүн... Читать дальше...

Астананын билдирүүсү, Бишкектин реакциясы

Azattyk.org 

Казакстандын былтыркы январь айындагы массалык башаламандыкка шек саналгандар арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деген билдирүүсүн Кыргызстан менен Тажикстан четке какты.

Кыргызстанда кайсы чиновник бай?

Azattyk.org 

Салык кызматы Кыргызстандагы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Президент баштаган чиновниктердин бир жылда тапкан-ташыганы жана чыгашасы тууралуу сөз кылабыз.

Bloomberg: Кытай Батыштын COVID-19га каршы вакцинасын албайт

Azattyk.org 

Кытай бийлиги өлкөдө коронавируска чалдыккандардын кескин көбөйгөнүнө карабай, Кошмо Штаттардын COVID-19га каршы вакцина берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды. Вируска каршы эмдөөгө жардам берүү сунушун АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэниел Критенбринк жана Улуттук коопсуздук кеңешинин улук директору Лаура Роенбергер декабрда Кытайга келгенде берген. Андан тышкары жогорку кызматтагы дипломаттар, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү аркылуу да сунушталган.... Читать дальше...

Милиция "Зилде" илинген туу боюнча териштирүү баштады

Azattyk.org 

Милиция "Зил" эс алуу борборунда Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун туусунун илинишин териштире баштады. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү 6-декабрда билдирди. "Териштирүү учурунда аталган эс алуу борборунун жетекчиси, 74 жаштагы Р.А., аталган желекти алып койгонун айтып, аны өз ыктыяры менен тергөөгө тапшырып берди. Азыркы учурда бул факты боюнча соттук-теологиялык, соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалып, күбөлөр такталып суралууда", - деп айтылат милициянын маалыматында. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *