smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 10.01.2023

Арзан көмүр элге паспорт менен сатылат

Azattyk.org 

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы мындан ары арзан көмүр элге паспорт менен сатыларын кабарлады. Аталган мекемеден бир тоннасы төрт миң сомдук көмүр алгысы келген жарандардын колунда паспорту жана жашаган дареги тууралуу маалымкат болушу керек. Бир кишиге эки тоннадан ашык сатылбайт. "Көмүр жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына сатылбайт. Себеби, алар арзан сатып алып, элге беш миң сомдон кайра сатып жатат", - деп билдирди аталган ишкана. “Кыргыз көмүр” ишканасы 2022-жылдын 1-ноябрдан тартып өлкөнүн аймактарында... Читать дальше...

Прокурор: Сайфулла Саипов АКШда көбүрөөк адамды өлтүрүүнү көздөгөн

Azattyk.org 

АКШда бир нече адамды өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саипов кылган ишинен сыймыктанарын, ал көбүрөөк адамды жок кылгысы келгенин айтканын 9-январда прокурор Александр Ли сот отурумунда билдирди.  Прокурор 2017-жылы сегиз адамдын өмүрүн кыйган теракт үчүн Саипов күнөөлүү экенин белгилеп, бул үчүн ал "Ислам мамлекети" террордук тобунан колдоо алууга үмүт кылганын кошумчалады.  Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Сайфулла Саипов 2017-жылдын 31-октябрында Нью-Йорктун... Читать дальше...

Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн атайын жайлар даярдалды

Azattyk.org 

Суукка байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти шаардагы үй-жайы жокторго атайын башкалка жайларды даярдады. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, азыр башкалаада туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн эки убактылуу баш калкалоочу жай иштеп жатат. Октябрь районундагы башкалка жай 60, Свердлов районунда 40 адамга ылайыкталган. Ленин районунда оор турмушка кабылган балдар менен аялдарга көмөк көрсөткөн кайрымдуулук борбору иштеп жатканы расмий кабарланды. Мындай... Читать дальше...

Перудагы акцияларда бир күндө 17 адам каза болду

Azattyk.org 

Перуда 9-январда өкмөткө каршы нааразылык акциялары маалында 17 адам набыт болуп, 68и жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн түштүгүндөгү Пуно облусунун Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти. Бул декабрда президент Педро Кастилього импичмент жарыялангандан кийинки нааразылык акциялары башталгандан берки эң кандуу күн болду. Башкармалыктын маалыматына караганда, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар. Департамент ошондой эле жаракат алган 28 полиция кызматкерин Хульяки аэропортунан эвакуациялоого мүмкүн болбой жатканын кабарлады. Читать дальше...

Талас: УКМК шаардык кеңештин төрагасы, вице-мэр баштаган төрт кишини кармады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирди. "Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Талас шаарынын биринчи вице-мэри, Талас шаардык кеңешинин төрагасы, вице-спикер жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси алдын ала сүйлөшүп алып, ижара акысын төмөндөтүп, ишкерлерден сый акы алган. Жергиликтүү бюджетке ири өлчөмдө зыян алып келген, түшкөн каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алышкан. Читать дальше...

Төкмө акын Болот Назаров 16-мартка чейин камакта калтырылды

Azattyk.org 

Чүйдүн Москва райондук соту 10-январда төкмө акын Болот Назаровго козголгон экинчи ишти кароону улантып, анда негизги күбөлөр суралды. Териштирүү алдында судья Назаровдун бөгөт чарасын карап, аны 16-мартка чейин камакта калтырды. Жабыркаганы айтылган тарап аны камактан бошотууну, ал эми прокуратуранын өкүлү абакта калтырууну суранган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон... Читать дальше...

Кыргызстанда 2 миллиондон ашык баланы 682 педиатр тейлейт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулаган кеңешмесинде бейтапкана жана педиатрия кызматын жакшыртууну талап кылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде педиатриялык кызматты калыбына келтирип, эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча штабдын ишин жандандырууну жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууну тапшырды.... Читать дальше...

Өнөкөт оорусу барларга жакынкы күндөрү тышка көп чыкпоо сунушталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин жана шаар четиндеги конуштардын өнөкөт оорусу бар тургундарын жакынкы күндөрү тышка көп чыкпай турууга чакырды. Мекеменин 10-январдагы кайрылуусунда Кыргызстандын аймагында алдыңкы күндөрү абанын температурасы -20...-38 градуска чейин төмөндөй тургандыктан, үйдү жылытуу үчүн көмүр, айрымдар дөңгөлөк, желим жана тигүү цехтеринин таштандысын көп жага баштай турганы, мунун... Читать дальше...



Кемпир-Абад иши: тергөөгө сын, абактан кат

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси парламентте дагы көтөрүлдү. Абактагы блогер Перизат Суранова президент Садыр Жапаровго кат жазды. Жогорку Кеңештин 11-январдагы сессиясында депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тергөө амалдары эки айдан бери жүрбөй жатканын айтып чыкты. Депутат жыйынга катышкан баш прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевге кайрылып, камактагыларды бошотууга чакырды. "Эки айдан бери 25 киши камакта олтурат, бир да жолу суракка чакырылган жок. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: акцияга чыккандар бошотулду

Azattyk.org 

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандардын арасынан 27 кишини милиция кармап, кайра кое берди. Алар алгач Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чогулуп, укук коргоо кызматкерлеринин талабынан кийин Максим Горький атындагы гүлбакка карай бара жатышкан. Милиция март айына чейин министрликтин, өкмөт үйүнүн алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салынганын, алар ага баш ийбей койгонун билдирди.

БУУ Иранды өлүм жазасын токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы Иран бийлигин күзгү нааразылык акцияларынын катышуучуларына өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырды. Батыш өлкөлөрү да бул тажрыйбаны айыптап жатышат. БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик өлүм жазасы адамдын жашоо укугуна түп тамырынан бери карама-каршы келерин айтты. "БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесиндеги кесиптештерибизге кошулуп, өлүм жазасын тезинен токтотууга үндөйбүз", - деди ал.  Уюм буга чейин... Читать дальше...

Калифорнияда селден улам миңдеген адам коопсуз жерге көчүрүлдү

Azattyk.org 

Калифорниянын Санта-Барбара, Монтесито шаарларында селден улам 9-январда миңдеген тургун коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Штатта бери дегенде 12 адам набыт болгонун Reuters агенттиги жазды. Социалдык медиада жарыяланган видеолордо Калифорниянын Морро булуңунда көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптаганын көрүүгө болот. Рождество майрамынан кийинки алты бороон-чапкында миңдеген бак-дарактар кулады. Эксперттер муну климаттын өзгөрүшүнүн белгиси катары сыпатташууда.

Бишкектеги акция: Милиция кармап кеткендердин баары бошотулду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жакындарын колдоп 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чыккандардын баары бошотулганын “Азаттыкка” Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын эжеси Нурия Сооронкулова билдирди. Ал өзү жана башкалар милициянын мыйзамсыз аракетине кабылып, укугу бузулганын белгиледи. «Бизди кое беришти, азырынча Биринчи Май райондук милициясындабыз. Бизди Горький бакчасына баргыла дешкенинен ошол жакка баратсак кармап кетишти. Мен... Читать дальше...

ИИМ Бишкектеги акцияда 27 киши кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы бүгүн, 10-январда  Бишкекте өткөн акциянын катышуучуларынын кармалышы тууралуу маалымат берди.  Мекеме акцияда 27 адам кармалганын, буга Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (Эски аянт) митинг өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертүүгө карабай алар жүрүштү улантканы себеп болгонун билдирди.   Маалыматка караганда, кармалгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 139-беренеси (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеси (Ички иштер... Читать дальше...

Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимдин мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Милициянын Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечиминин мөөнөтү 31-мартка чейин узартылышын  райондук сот мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу бүгүн 10-январда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, президенттик администрациянын, Жогорку соттун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имараттарынын тегерегинде, Эркиндик бульварынын... Читать дальше...

Улуу Британиядан биринчи космостук учуу ийгиликсиз аяктады

Azattyk.org 

Шейшембиге караган түнү миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Orbit компаниясы Улуу Британиянын аймагынан орбитага биринчи жолу космос кемесин учурду. Бирок LauncherOne ракетасы "аномалиядан улам Жердин орбитасына чыга алган жок" деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы. Модификацияланган Boeing 747 учагы Корнуоллдун Ньюквей аэропортунан учкан. Ал бортунан тогуз спутникти орбитага чыгарышы керек болчу. Учак Атлантика океанынын үстүндө 10 чакырымдан ашык бийиктикте ракета учурган. Жердин төмөнкү... Читать дальше...

"Алтымыштан ашканда фитнес-тренер болдум"

Azattyk.org 

Гүлнара Жолдошбаева (Гульнара Джолдошбаева) дээрлик 40 жыл орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин спорт менен машыгып, атайын курсту аяктап, учурда машыктыруучу болуп иштеп жатат.

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. 12-13-январда абанын температурасы дагы төмөндөйт. 2023-жылдын 9-январынан 11-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу... Читать дальше...

"Насыяга алгандын баары күйүп кетти"

Azattyk.org 

Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Жээнгүл Турсуналиеванын үйү өрттөнүп кетти. Мештен түшкөн чок заматта эки бөлмөдөгү үй оокаттары менен документтерин жалмап кеткен. Жээнгүл Турсуналева кыш чилдеде майыптыгы бар жолдошу жана балдары менен алты чарчы метрге жетпеген бир бөлмөдө күн кечирип жатат.

Армения ЖККУ машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Армения өз аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян маалымат жыйынында билдирди. Анын белгилешинче, коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда машыгууларды өткөрүү туура эместигин кабарлаган. "Жок дегенде быйыл Арменияда машыгуулар өткөрүлбөйт", - деди Пашинян. Анын сөздөрүн Интерфакс жазды. ЖККУ жетекчилиги буга азырынча комментарий берген жок. 1-январында Орусиянын Коргоо министрлиги... Читать дальше...

"Кылым шамы" Бишкекте кармалгандар боюнча Башкы прокурорго кайрылды

Azattyk.org 

“Кылым шамы” укук коргоо борбору Башкы прокуратураны 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыккандарды кармап кеткен милиция кызматкерлеринин аракетине тез арада көңүл бурууга чакырды. Борбордун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Башкы прокуратурага кайрылып, Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыктарынын кызмат адамдары "Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканы боюнча териштирүү жүргүзүүгө” үндөдү.  Акцияга чыккандар тез... Читать дальше...

Акыйкатчы ИИМ алдындагы акциядан кийин кармалгандарга укуктук жардам берилерин айтты

Azattyk.org 

Бүгүн 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыккандан кийин милиция кармап кеткендерге укуктук жардам берүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына акыйкатчынын өкүлдөрү жөнөп кетишти. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирип, юстиция министрине да кабар берилгенин, ал жакка мамлекеттик адвокаттар да бара жатышканын маалымдады. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта жаткандардын жакындары, жалпысынан жүздөй адам бүгүн алгач ИИМ алдына чогулган. Ал жерде... Читать дальше...

Бишкектеги акцияда "Политклиника" сайтынын кабарчысы кармалып, кайра бошотулду

Azattyk.org 

Бишкекте 10-январда өткөн акцияда "Политклиника" сайтынын кабарчысы Эркайым Асанканова да кармалып, Биринчи май райондук милициясына жеткирилди. Ал бир канча убакыттан кийин кое берилгенин аталган сайттын жетекчиси Дилбар Алимова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, милиция кабарчыны акцияны түз эфирде чагылдырып жүргөн жеринен кармап кеткен. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын жакындары, тарапташтарынан турган жүздөй киши нааразылык билдирип чогулган. Читать дальше...

Москва: Миграциялык борбордогу медициналык текшерүү акысы жоюлду

Azattyk.org 

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар башкаларга коркунуч жаратуучу жугуштуу оорусу бар же жогун Москвадагы атайын борбордон текшерткенде  акы төлөбөй турган болду. Бул тууралуу 10-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин Орусия тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кабыл алынды. Сөз Москвадагы «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик мекемесиндеги кызмат тууралуу жүрүүдө. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: акцияда кармалгандар бошотулду

Azattyk.org 

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандарды милиция кармап кетип, кайра кое берди. Алар алгач Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чогулуп, укук коргоо кызматкерлеринин талабынан кийин Максим Горький атындагы гүлбакты карай бара жаткан. Милиция март айына чейин министрликтин, өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүүгө тыюу салынганын, чогулгандар ага баш ийбей койгонун билдирди. Укук коргоо кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн журналистти да кармап, кайра коё берди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *