smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 13.01.2023

Бишкекте дүйнөнүн күчтүү балбандары машыгууда

Azattyk.org 

Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы толук күчүн жоготту. Кыргызстанда мурдагы президент Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскарды. “Женго” кайманы аты менен белгилүү кылмыш тобунун мүчөсү Кадыр Досонов адам өлтүрүүгө шектелип кармалды.

"Улуттук электр тармагы" жарык кыска мөөнөткө өчүшү ыктымал экенин эскертти

Azattyk.org 

“Кыргыз улуттук электр тармагы” ишканасы өлкө аймагында электр кубаты менен камсыздоодо кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуроолор болушу ыктымал экенин эскертти. Мекеменин 13-январдагы маалыматында “Электр энергиясын керектөө кескин көбөйгөндүктөн электр түйүндөрүнө жана жабдыктарга күч келүүдө, айрыкча мындай көрүнүш электр жарыгы эң көп колдонулган учурларда катталууда. Ошондуктан жабдыктарды ысып кетүүдөн коргоо жана алардын жарактан чыгып калуусуна жол бербөө үчүн кыска убакытка токтотуулар болушу мүмкүн” деп айтылды. Читать дальше...

Казакстан Орусия аркылуу Германияга мунай жеткирүүгө уруксат алды

Azattyk.org 

Казакстандын "КазТрансОйл" компаниясы Орусиянын Энергетика министрлигинен өлкө аймагы аркылуу Германияга мунай ташууга уруксат алганын билдирди. Маалыматка караганда, казак тарап 2023-жылдын биринчи кварталында "Транснефть" орус компаниясынын мунай кууру аркылуу Германияга 300 миң тонна мунай жеткирүүгө ниеттенип жатат. 11-январда Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкө Германияга алгачкы 20 миң тонна мунайды "Достук" кууру аркылуу жеткирүүгө даяр экенин, бирок буга орус тараптын макулдугун күтүп жатканын билдирген. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Бекназаровдун агасынын соту болду

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын жакындарынын үстүнөн сот уланууда. Бүгүн 13-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бир тууган агасы Казымбек Бекназаровдун иши каралды. Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, соттук териштирүү 18-январда уланмай болду. Казымбек Бекназаров 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында өткөн “Мыйзамдуулук үчүн!” акциясына катышкандан кийин кармалып, кайра кое берилген. Ага... Читать дальше...

Сот телеоператор Калыс Ашырбаевди тил кат менен камактан чыгарды

Azattyk.org 

13-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “опузалоо” айыбы коюлуп жаткан журналист Санрабия Сатыбалдиеванын жана оператор Калыс Ашырбаевдин иши боюнча алгачкы угуу өттү. Соттун чечими менен Ашырбаев өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулганын “Азаттыкка” анын жакындары кабарлашты. Жогорку соттун басма сөз кызматы “Жактоочу тарап сотко жабыркаган жана айыпталуучу тараптардын элдешүү тууралуу келишимин алып келди. Жабыркаганын айткан тарап соттон айыпталуучунун бөгөт чарасын... Читать дальше...

Бийликти сындаган активист кайра камалды

Azattyk.org 

Жарандык активист Адилет Балтабай деген ат менен таанымал Адилет Али Мыктыбектин кайра камакка алынышы коомчулуктун талкуусуна түштү. Активисттин адвокаты Такен Молдокулов шаардык соттун өкүмү прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде кабыл алынганын билдирди. Бир ай мурда сот залынан бошотулган Адилет Балтабай Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарга колдоо көрсөтүп, аларды бошотуу талабы жаңырган митингге да катышкан. Кайра камоого негиз болгон арыз Жарандык активист Адилет Балтабай эркиндикте бир айдай жүрдү. Читать дальше...

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБине кайра жетекчи болду

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборуна Нурлан Өмүркул уулу кайрадан директор болуп дайындалды. Маалыматты "Электр станциялары" мекемесинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин ЖЭБди Андрей Воропаев башкарып келген. Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы Бишкек ЖЭБин жетектеп турганда ири авария болгон. 26-январда суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта шаар тургундары беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп... Читать дальше...



Ташкент Кабулда 21 кишини набыт кылган терактты айыптады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кабул шаарында Ооганстандын тышкы иштер мекемесинин имаратынын жанында болгон террордук чабуулду кескин айыптаган билдирүү таратты. "Бул жийиркеничтүү окуяда көптөгөн адамдар, негизинен тышкы саясат мекемесинин кызматкерлери набыт болду. Маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз", — деп жазылган маалыматта. 11-январда Кабулда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанында жанкечти өзүн жардырганда бери дегенде 21 киши каза болуп... Читать дальше...

"Коммерсантъ": Путин 2024-жылкы шайлоого катышууга камданууда

Azattyk.org 

Кремль Орусияда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярданы баштады. Президенттик аппараттын кызматкерлери шайлоо согушка карабастан өз убагында - март айында өтөрүн жана ага Владимир Путин катышарын белгилешүүдө. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити Кремлге жакын булактарына таянып жазды. Ушул өңдүү маалыматты "Верстка" басылмасы да жарыялады. Путиндин талапкерлигин көрсөтүү сценарийи Кремлде талкууланып жатканын декабрда РБК агенттиги жазган. 2020-жылы кабыл алынган Конституцияга киргизилген... Читать дальше...

Британияга дагы 2 миң кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөт

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору менен Британиянын Pro-Fors компаниясы келишимге кол коюшту. Ага ылайык, Британияга Кыргызстандан 2 миңдей киши айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөт. Министрликтин жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев жумушчулардын биринчи тобу март айында жөнөтүлөрүн айтты. “Былтыр Agri-HR компаниясы аркылуу миңден ашуун киши Британия ишке жөнөтүлгөн. Быйыл биз ортомчу компания жок эле түз келишим түздүк. Читать дальше...

Депутат Лейлектин макамы аныктала элек айылдары боюнча маселе көтөрдү

Azattyk.org 

Баткен облусунун Лейлек районунда ондон ашуун айылдын макамы расмий аныктала элек болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди. Бул маселени ал парламенттин 12-январдагы жыйынында көтөрдү: “Ондон ашуун айыл Лейлек районунда айыл деген макам ала элек. Мисалы, Жаштык деген айылыбыз бар чек арада. Бүгүнкү күнгө чейин эл Жаштык айылы деп атаганы менен анын макамы жок, Борбордук деген айылдын эсебинде турат. Раззаков айылы деп айтып жүрөбүз, бирок картада ал Ленин айылы бойдон турат. Читать дальше...

Кримчөйрөнүн өкүлү Досонов адам өлтүрүүгө шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Ошто 13-январда адам өлтүрүүгө шек саналып "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыш тобунун мүчөсү Кадыр Досонов кармалды. Кылмышка шектүү дагы үч адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. "13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Читать дальше...

Улуттук банк: Валюта рыногунда абал туруктуу, банктарда 650 миллион доллар бар

Azattyk.org 

Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунда туруктуу абал сакталууда деп эсептей турганын бүгүн 13-январда билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө "аймактагы тышкы экономикалык олку-солкулуктун терс таасири жана өкүм сүрүп жаткан аныксыздык деңгээли буга чейинки жылдарга салыштырганда ири көлөмдө интервенция жүргүзүүгө себеп болгону" белгиленди. Соңку интервенция коммерциялык банктар арасында накталай эмес формада жүргүзүлгөнү, бүгүнкү күндө Кыргызстандын банк системасында АКШ долларынын жалпы көлөмү 650 миллион доллар... Читать дальше...

Ректор тандоо: искусство ишмерлеринин таарынычы

Azattyk.org 

Ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалышы аталган окуу жайдын жамаатын нааразы кылды. Колдошевди дайындоо тууралуу буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон. Түмөнбай Колдошовду 12-январда университеттин жамаатына билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тааныштырды. Читать дальше...

"Азаттык Медианын" директорунун кызматына сынак жарыяланат

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчисинин кызматына сынак жарыяланат. Бюронун башчысы “Азаттык Медианын” журналисттери жасаган бардык контентке жооптуу болуп, жалпы команданы жетектейт.    «Азаттык Медианын» директорунун милдеттери жана ага коюлган талаптар тууралуу бул шилтемеден толук маалымат аласыз: https://www.rferl.org/jobs/detail/BKYB007-2301.html

Ашхабадда сууктан улам түтүктөрдө суу тоңуп калды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын түштүгүндөгү Мары облусунда абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөдү. Жолдор тайгак болуп, калктуу конуштарда үйлөрдө газ өчүрүлүп, суу түтүктөрү тоңуп калганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү тургундарга таянып кабарлады. Адаттан тыш сууктан улам базарларда соода күркөлөрүнүн көбү жабык турат. Баш калаа Ашхабаддын тургундары да суу түтүктөрү тоңуп калганын айтып жатышат. "Азаттыктын" аталган калаадагы кабарчысы кичирайондордогу дүкөндөрдө жана көптөгөн үйлөрдө суу жоктугуна күбө болду. Читать дальше...

Ташкент мэриясы сууктан улам элге акысыз палоо таратууда

Azattyk.org 

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэриясы суукка байланыштуу 16-январга чейин элге беш тойканада акысыз палоо таратууда. Тамак негизинен колу жукаларга, турак жай-коммуналдык чарба, көрктөндүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине берилет. Бул тууралуу калаа администрациянын Telegram каналында маалымат таратылды. Каналда тургундар кайсы тойканаларга саат канчада барышы керектиги да жазылган. Мэрия бир күндө канча палоо даярдалып, ага канча каражат коротуларын, кандай тартипте бөлүштүрүлөрүн билдирген жок. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: Шаменов УКМК жетекчисине кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан жарандык активист Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) 12-январда Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кат жолдоду. Ал 80 күндөн бери Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар мыйзамсыз камакта жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу сурак жүрбөгөнүн, тергөөчү "күнөөнү мойнуңарга аласыңарбы" деген суроо менен кайрылганын жазган. "Жалган жалаа менен ИИМ, прокурорлор, соттор бизди одоно мыйзам бузуп камашты. Читать дальше...

Жылуулуксуз жана суусуз калган Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Ал эми суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 жылуулук электр станцияларында жылуулук системасынын иши токтогон. Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык... Читать дальше...

Этникалык кыргыздар боюнча иликтөө жарыялаган блогер суракка чакырылганын айтты

Azattyk.org 

“Ютубдагы” каналы аркылуу видео иликтөөлөрүн жарыялап жүргөн блогер Улукбек Карыбек уулу соңку эки күндөн бери милицияга суракка чакырылып жатканын 13-январда “Азаттык” радиосуна маалымдады. 11-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгында айыл өкмөттөрүнүн биринин кызматкеринин ага каршы жазган арызына байланыштуу суракта болгонун айткан блогер сөз Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз үй-бүлөнүн маселеси тууралуу болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган үй-бүлө... Читать дальше...

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болду

Azattyk.org 

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 12-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Былтыр августта Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кызматтан алынгандан бери бул орун бош турган. Эркинбек Осоев 2021-жылы августта транспорт жана байланыш министри болуп дайындалып, былтыр октябрда кызматтан алынган. (TAb)

Камил Рузиев: Аймакта укук коргоочу болуу оор

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы 10-январда укук коргоочу Камил Рузиевди актады. Укук коргоочуга 2020-жылы "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Андан бери Рузиев өзүнүн актыгын далилдөө үчүн бир нече баскычтагы сотто күрөшүп келди.

14-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

14-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -8…-13; Талас жергесинде түнкүсүн -21...-26, күндүз -8…-13; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз -7...-12; Нарын облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -31...-36... Читать дальше...

Германия кесипкөй адистерге муктаж

Azattyk.org 

Германияда жыл өткөн сайын кесиптик кадр муктаждыгы күч алууда. Буга байланыштуу немис өкмөтү чет элдик жарандарды жумушка алуу эрежелерин жеңилдетүүгө киришти. Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарын жумушка тартуу максатын көздөгөн мыйзам долбоору 2023-жылы иштелип чыгуусу пландалган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *