smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 18.01.2023

Талаштуу ЖМК мыйзамы: Блогерлерге көзөмөлдү күчөтүү сунушу

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы версиясын даярдап, атайын жумушчу топко сунуштады. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүлөрү айына 5 миң адамга таратылса, ага кошумча талаптар коюлары жазылган. Мыйзам долбоорундагы талаптар "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы сунушталган версиясы ачык жарыялана элек. Азырынча атайын жумушчу топтун мүчөлөрүнө гана жөнөтүлгөн. Kaktus.media сайты жазгандай, мыйзам... Читать дальше...

Беларуста прокурор “Радыё Свабоданын”журналистинин жубайын эки жылга кесүүнү сурады

Azattyk.org 

Беларустун Брест облустук сотунда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы – “Радыё Свабоданын” журналисти Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосиктин үстүнөн сот жүрүп жатат. Прокурор аны “экстремисттик ишмердик кылган” деген кине менен эки жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Соттун өкүмү 19-январда чыгышы мүмкүн. Прокуратура Лосиктин беларус бийлигинин “кара тизмесиндеги” польшалык «Белсат» телеканалына берген интервьюсун "экстремисттик" деп тапкан. “Лосик кылмыш ишин иликтөө жана укук... Читать дальше...

Өзбекстан: Элди жана бийликти сынаган энергетикалык кризис

Azattyk.org 

Ызгаар суукта Өзбекстанды каптаган энергетикалык кризис элдин жанына батты. Адатта бийликти сындабай, кыйынчылыктарга унчукпай келген өзбекстандыктардын быйылкы суукта чыдамы кеткендей. 16-январда Чырчык шаарында жарыктын жоктугуна нааразы болгон бир нече тургун электр түйүндөр ишканасынын диспетчердик пунктуна келген. Алардын бири - 35 жаштагы келин мекеменин кызматкерине бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылган. Башкы прокуратура келинге “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козголду. Читать дальше...

Орто жана чакан бизнестин электр энергиясын керектөөсү текшериле баштады

Azattyk.org 

Бишкектеги кафе-ресторандар, ири соода борборлор жана сауналар электр энергияны уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдаланып жаткандыгы текшерилди. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан 18-январда кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында орто жана кичи бизнестин ээлерине электр энергиясын жылытуу максатында колдонбоо, ал үчүн альтернативдик жылытуу булактарына өтүү жана электр энергиясын үнөмдөө сунушталды. Маалыматка караганда, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу  күз-кыш мезгилинде керектөөнүн өсүшүн... Читать дальше...

ККМ аппараттарын колдонгон ишкерлер жыл ичинде 3 эсе көбөйдү

Azattyk.org 

2022-жылы Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, учурда 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Мекемеден билдиришкендей, буга салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чаралары жана ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуу себеп болду. Аталган нерсени өнүктүрүүгө мындан сырткары Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда... Читать дальше...

Шинжаңдыктардын туугандары Кытайдын Астанадагы элчилигинин алдына чыгышты

Azattyk.org 

Шинжаңда туугандары түрмөдө отурган этностук казактар Кытайдын Астанадагы элчилигинин алдына чыгышты. Алардын арасында активисттер Байболот Күнболот уулу жана Акикат Калиолла да бар. «Жакындарыбызды тапсак деп келдик. Канчадан бери элчилик бизди бир келесоолордой көрөт. Биздин жакындарыбыз кайда экенин айтышсын. Менин энем, эки бир тууганым кайда? Токтоосуз жооп берсин! Элчи, чык!» - деп кыйкырды Акикат Калиолла. Ал ошондой эле Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдына акция башталгандан бери 700 күн өткөнүн да белгиледи. Читать дальше...

"Түтүн": ууланган аба, башаламан курулуш жана таштанды

Azattyk.org 

Баш калаадагы ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр чагылдырылган. 17-январда ачылган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтүп жатат. Анда сүрөткердин сексендей фото эмгеги коюлган. Режиссер, архитектор, фото сүрөтчү Шайлоо Жекшенбаев калаа тургуну катары кара түтүн көйгөйү бир нече жылдан бери кыйнап келгенин айтты. Читать дальше...

Майлуу-Суунун жылуулук тармагындагы авария боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-январда шаар тургундары менен жолуккан учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров авариянын себептери дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айткан. Жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, калкты жылуулук жана ичүүчү суу менен... Читать дальше...



Кыргызстанда эчки тыбытын иштеткен завод ачылды

Azattyk.org 

Америкалык ишкер Сай Белохлавек өнөктөштөрү менен бирге “Бишкек эркин экономикалык аймагынын” аянтында эчкинин тыбытын, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү "Кыргыз Кашемир" деп аталган цех ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Чакан заводдун ачылышына Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жана башкалар катышты. Маалыматта айтылгандай, ишкер АКШнын... Читать дальше...

Адвокат: Кемпир-Абад боюнча камалгандардын ишине "жашыруун" макамы берилди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилгенин бүгүн 18-январда “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди. Жактоочу ишке мындай макам берүүгө негиз жок болгонун, кармалгандардын да, алардын адвокаттарынын да укугу бузулуп жатканын белгиледи. “Тергөө тобунун башчысы ишке жашыруун деген макам берилгенин жарыялады. Азырынча ал токтомду көрө элекпиз, жакынкы күндөрү көрсөтөбүз дешти. Читать дальше...

2023-жылдын аягына чейин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады. Укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар саналуу учурлардан башка учурларда бизнес субъектилерин текшере албайт. Маселен, кылмыш ишин иликтөө жана жарандык соттук өндүрүштүн алкагында, мыйзамдарга байланыштуу ишкерлерге даттануу түшкөн маалда текшерүү уданат. Башка өлкөлөрдүн суроо-талаптары... Читать дальше...

Депутат Бишкектеги ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкекте ыштын деңгээлин текшерип, өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады. Ал бул тууралуу парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты. "Азыр биз ыштын арасында жашап жатабыз. Мен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине кайрылам, борборду текшерип, сыноодон өткөрүп, керек болсо өзгөчө кырдаал киргизиш керек. Дүйнө жүзүндө ушундай, унчукпай, жаман болду деп карап отурбай тез арада киргизиш керек. Уу жыттап, баарынын башы айланып жатат. Кытайда, Бээжинде кызгылтым зона деп, шаарды жапканга чейин барчу. Читать дальше...

Жети жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Чүйдө ооруканага оор абалда түшкөн жети жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин негизинде ("Жардам көрсөтпөй коюу") кылмыш иши козголгон. Учурда укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат. 15-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристе чарчап калган. Милиция 14-январда ал оор абалда ооруканага түшкөн деген маалымат бар экени... Читать дальше...

Майлуу-Суу: тоңгон түтүк, тумоологон балдар

Azattyk.org 

Майлуу-Суу шаарында үзгүлтүккө учурган жылуулук менен ичүүчү суу калыбына толук келтириле элек. Шаарды жылуулук менен камсыздаган үч откананын бири 14-январда ишке кирди бирок, көп кабаттуу үйлөргө кирген түтүктөр тоңуп калгандыктан жумушчулар айрым жерлерине жаңы түтүктөрдү коюп жатат.

Чек ара жаңжалында өрттөлгөн дагы 45 үй кайра курулуп, тапшырылды

Azattyk.org 

Баткенде өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөрдүн кырк беши кайра курулуп, ээлерине тапшырылды. Жаңжал учурунда гуманитардык жардам катары чогулган каражаттын эсебинен үй ээлерине 100 миң сомдон акчалай жардам берилди. Ачкыч тапшырууга катышкан президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башка үйлөрдүн курулушу толугу менен 1-мартка чейин аяктарын билдирди. Жергиликтүү тургундардын айрымдары турак жай курууда шашылбай, сапатка көңүл бурулушу керек деп сунуштап жатышат. Читать дальше...

“Бишкек” эркин экономикалык аймагына жетекчи болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалганы жатат

Azattyk.org 

“Бишкек” эркин экономикалык аймагына жетекчи болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалганы жатат. Бул маалыматты 18-январда “Азаттык” радиосуна ал өзү тастыктады. Дайындоо тууралуу тескеме өкмөттө кабыл алынарын айткан Шыкмаматов азырынча андай документ расмий түрдө чыга электигин, "процесс жүрүп жатканан" кошумчалады. 53 жаштагы саясатчы эмгек жолун 1999-жылы Бишкектин Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу болуп баштаган. Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинде, Жогорку сотто түрдүү кызматтарда иштеп... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

19-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8; Талас жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5; Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2; Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -11…-16 градус болот. Читать дальше...

Таласта жылуулук системасы жарылып, бир аял каза болду

Azattyk.org 

Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында 17-январь күнү буу менен жылытуу системасы жарылып, 33 жаштагы аял каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, келин жарылуудан кийин ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын каза болгонун айтышкан. "Каза болгон келиндин 2020-жылы туулган баласы күйүк алып, ооруканада", - деп айтылат маалыматта. Буга чейин 11-январда Ош шаарындагы Жапалак айыл... Читать дальше...

Бишкекте күркөдө жашаган үй-бүлө SOS-кыштакчага жайгаштырылды

Azattyk.org 

Бишкекте күркөдө жашаган үй-бүлө “SOS-Балдар кыштакчасынын” базасындагы убактылуу жашоо борборуна жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, борбордун Октябрь районунда Аким Кызайбаев аттуу жаран аялы, жашы жете элек 4 баласы менен Беларус жана Соң-Көл көчөлөрүнүн кесилишиндеги чакан күркөдө жашаганы аныкталган. Анда балдарды тарбиялоого жана багууга эч кандай шарт болгон эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызстанда катуу суук болору тууралуу... Читать дальше...

Бишкекте "Жол" аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектеге Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөр Гулиза Урустамбек кызы менен Найзабек Мукамбетовдун “Жол” аттуу фото көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн Кыргызстандын беш облусунда тартылган эмгектери, анан ичинен адам төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолу кыргыздын каада-салттары менен баяндалган. Сүрөттөрдө баланы бешикке салуу, үйлөнүү үлпөт жана жаназа сыяктуу кыргыздын салттары көрсөтүлүп, өлүм менен өмүрдүн айкалышы эмоциялар менен берилген. Читать дальше...

Окуучулардын улуттук олимпиадасы 21-январда башталат

Azattyk.org 

Мектеп окуучуларынын математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча улуттук олимпиадасы 21-январда баштала турганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, олимпиада төрт этап менен өткөрүлөт. I этап – январь (онлайн режимде) II этап – февраль (онлайн режимде) III этап – март (офлайн режимде) IV этап – апрель (офлайн режимде) Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Окуучуларга... Читать дальше...

Адам өлүмүнө шектүү айдоочуну үй камагына чыгарган судья маалымат берди

Azattyk.org 

24 жаштагы кыздын жолдогу өлүмү үчүн айыпталып, бирок тергөө абагына камакка алынбаган шектүү мурда милиция органдарында иштеген адам экени аныкталды жана аны үй камагына чыгарууга мыйзамдуу негиз болгон. Бул тууралуу бүгүн 18-январда шектүүнү үй камагына чыгарган Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева билдирди. Судьянын айтымында, шектүүнү камакка албоо тууралуу чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган: “Жактоочу берген медициналык документтерге ылайык, айыпталуучу 2013-жылы... Читать дальше...

Өкмөт милдеттүү медициналык камсыздандыруудан кошумча 8 млрд. сом табууну көздөп жатат

Azattyk.org 

Министрлер кабинети чет элдик жарандарды жана кыргызстандыктарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүнү сунуштоодо. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында каралды. Өкмөт мындан кошумча 8 млрд. сом табууну коздөп жатканын фонддун төрагасы Азамат Муканов билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанга кыска убакытка келип-кеткен чет элдик жарандарга дагы медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу каралууда.  "Биздин маалымат боюнча бүгүнкү... Читать дальше...

Өзбекстанда электрикке бычак такаган аялга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Өзбекстанда жарык көп өчүп жатканынан улам энергетикалык ишкананын кызматкерине бычак такаган аялга кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура анын үстүнөн “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Маалыматка караганда, 16-январда Чырчыкта үйдө жарык жоктугуна нааразы болгон бир нече тургун шаардык электр түйүндөр компаниясынын диспетчердик пунктуна келген. Алардын бири - 35 жаштагы келин мекеменин кызматкерине бычак такап, жарыкты калыбына келтирүүнү талап кылган. Өзбекстанда бир... Читать дальше...

Казакстан чет элдиктер үчүн өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтүн кыскартты

Azattyk.org 

Казакстан чет элдиктер үчүн өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырды. Өкмөттүн жаңы токтому менен визасыз жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Визаны талап кылбаган тартипте келген чет элдиктер Казакстандын аймагында чек арадан өткөндөн баштап 30 күнгө чейин гана жүрө алат. Буга чейин мөөнөт 90 күн болгон. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде орусиялыктар Казакстандын аймагында 90 күн жүрө алат. Өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай чек арадан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилбейт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *