smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 19.01.2023

Ооганстанда 15 жылдан берки эң катуу суукта ондогон киши көз жумду

Azattyk.org 

Ооганстанда бийликте турган “Талибан” өкмөтү кеминде 70 киши, анын ичинде балдар катуу сууктан көз жумганын билдирди. 15 жылдан бери сууктун күчү мынчалык катуу болгон эмес. 19-январда Чукул кырдаалдар министрлиги сегиз провинцияда соңку сегиз күндөн бери суукта адамдар тоңуп калганын, 80 миңдей баш мал өлгөнүн билдирди. Ансыз дагы ачарчылыкка баткан өлкөдө абанын температурасы -34 градуска чейин түшүп жатат. Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы маалым болгон. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: "Жашыруун" макамы, адвокаттардын сыны

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилгени белгилүү болду. Кыргызстан адвокаттарынын ассоциациясы макам мыйзамсыз берилип жатат деп билдирүү таратты. Ишти тергеп жаткан ички иштер органдары бул тууралуу комментарий берише элек.  Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине “жашыруун” деген макам берилгенин 18-январда “Азаттык” радиосуна мурдагы депутат Орозайым Нарматованын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирген. Ага тергөө... Читать дальше...

Бишкекте кыргыз-америка кызматташтыгы талкууланды

Azattyk.org 

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, тараптар анда кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Аймактык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде америкалык компанияларды тартуу, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү жана USAID аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Читать дальше...

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдарынын жолугушуусу болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуунун алкагында Иран Ислам Республикасына барды. Ирандын президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Кыргызстандын президенттик администрациясы кабарлагандай, бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты. Иран президентинин... Читать дальше...

Президент Юндун сөзү Сеул менен Тегеранды дипломатиялык чырга түрттү

Azattyk.org 

Сеул менен Тегеран бири-биринин элчилерин чакыртып, Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун Иранды Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “душманы” деп айтканынын төркүнүн териштире баштады. Өткөн аптада президент Юн БАЭде жайгашкан Түштүк Кореянын атайын күчтөрүнүн базасына барганда Эр-Рияд менен Сеулдун ортосундагы экономикалык жана аскердик кызматташуунун өсүп жатканын кубаттап, арабдарды “бир тууган эл” деп сыпаттаган. «Бир тууган элдин коопсуздугу – биздин коопсуздук”, – деген түштүк кореялык лидер. Читать дальше...

Башкы прокурордун дагы бир орун басары алмашты

Azattyk.org 

Башкы прокурордун дагы бир орун басары Турусбек Ишеналиев кызматтан алынып, анын ордуна Үмүткан Конкубаева дайындалды. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду. 17-январда башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов иштен алынып, ал кызматка Улукбек Султанов дайындалган. Бул укук коргоо органдарына байланышкан чуудан кийинки прокуратурадагы экинчи кадрдык алмашуу болуп калды. Мунун алдында президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына... Читать дальше...

“Кыргыз почтасы” менен OZON Кыргызстанда логистикалык комплекс ачты

Azattyk.org 

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен орусиялык OZON компаниясы Кыргызстанда электрондук коммерциянын почта-логистикалык комплексин ачты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады. “Аламүдүн – эл аралык алмашуунун очогу” (“Место международного обмена – Аламедин”, ММПО Аламедин) деп аталган комплекстин ачылышы 19-январда өттү. Ага аталган эки компаниянын, министрликтин өкүлдөрү жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилиги катышты. Экономика жана коммерция министринин... Читать дальше...

Бишкек жана Чүйдөгү ишканаларга газ берүү убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

"Газпром Кыргызстан" биргелешкен компаниясы Бишкек шаары жана Чүй облусундагы ресторан, кафе, мончо жана өндүрүш үчүн жаратылыш газын пайдаланууга убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы 19-январда "Азаттыкка" билдирди. Компания муну Казакстан аркылуу республиканын түндүгүн жаратылыш газы менен камсыз кылган магистралдык газ куурундагы басымдын азайгандыгы менен түшүндүрдү. Биринчи кезекте калкты жана социалдык объектилерди (бала бакчалар, мектептер... Читать дальше...



УКМК Курулуш агенттигинин кызматкерин коррупцияга шектүү катары кармады

Azattyk.org 

Архитектура, курулуш, турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 18-январда кармалган. УКМК тараткан маалыматта ал Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын... Читать дальше...

Билим берүү министрлиги: Кыргызстандагы мугалимдердин 19% гана эркектер түзөт

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек киши иштей турганын, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3% түзөрүн билдирди. Бул тууралуу министрликтин сайтында кабарланат. Мунун 14 миң 858сү мугалим, алар жалпы мугалимдердин 15,3% болот. Калгандар окутуучулук курамдан башка кызматты аркалагандар. Нарын облусунда жалпы билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин 24,4% эркектер түзүп, өлкөнүн аймактарындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Баткен облусунда 22,3%... Читать дальше...

Беларус соту “Радыё Свабоданын” журналистинин жубайын эки жылга кести  

Azattyk.org 

Беларуста “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы – “Радыё Свабоданын” журналисти Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосикти эки жылга кесилди. 19-январда Брест облустук сотунун судьясы Микалай Григарович өкүмдү окуп, прокурор сураган жазаны чегерди. Прокуратура Лосиктин беларус бийлигинин “кара тизмесиндеги” польшалык «Белсат» телеканалына берген интервьюсун "экстремисттик" деп таап, эки жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. “Лосик кылмыш ишин иликтөө жана укук коргоо ишмердигин жүргүзгөн... Читать дальше...

Секелектин зордукталышы: укук коргоочулар сот өкүмүн сындашты

Azattyk.org 

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүнүн кыскарышы коомчулукта сынга алынууда. Укук коргоочулар Бишкек шаар сотунун чечими - Кыргызстанда балдар укугу корголбой турганын ачыкка чыгарганын айтып чыгышты. Шаардык сот өкүмдүн жумшартылганын Кылмыш кодексинин жаңы редакциясындагы беренелерге байланыштырды. "Зордуктоо менен сексуалдык аракеттерге мажбурлоо эки башка" 12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиция... Читать дальше...

Энергетика министрлиги жарыкты өчүрүү графигин жарыялады

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялады. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат.   Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнү жүдөтүп жатканын белгилешкен. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 18-январдагы жыйынында элге ыңгайлуу болуш үчүн жарыкты өчүрүүнүн графигин берүүнү сураган. Читать дальше...

Казакстанда парламент тарады, мөөнөтүнөн мурун шайлоо мартта өтөт  

Azattyk.org 

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы – мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды. Бейшембиде күчүнө кирген буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин – маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду. 19-январда президент Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулады. Коңшу өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...

Министрлик Санариптик кодекстин концепциясын сунуштады

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорунун концепциясын иштеп чыгып, 19-январда бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Кодекстин долбоору тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов баяндама жасап, “ал кабыл алынса Кыргызстандын санариптик конституциясы сыяктуу бирдиктүү документи болуп каларын” айтты. Анын айтымында, бул документ санариптик технологияларды колдонуу боюнча коомдук мамилелерди тескейт жана аталган тармактагы эрежелерди иретке келтирет. Читать дальше...

"Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ош шаарында "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, декабрь айынан тартып аталган кооперативдин жетекчисинин үстүнөн сегиз арыз түшкөн. Арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. "Арыз ээлери аталган кооперативдин негиздөөчүсү А.А. аттуу аял бир нече жаранга үй жана машина алып берүү убадасын аткарбай келатканын айтышкан. Мисалы, Т.Б. аттуу жаран үй алуу үчүн 1,6 млн. Читать дальше...

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам биринчи окууда жактырылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Долбоордун концепциясына катталган 88 депутаттын 75и макул, бирөө каршы болду. Мыйзам долбоору тууралуу жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова баяндама жасады. Ал мыйзам долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата... Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым аймактарды туман каптайт

Azattyk.org 

20-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7; Талас жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5; Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз... Читать дальше...

ИИМ: Кылмышка даярданыш үчүн спорт менен машыккандар да бар, клубдардын эсебин ала баштадык

Azattyk.org 

Кыргызстанда милиция спорттук клубдардын эсебин ала баштаганын бүгүн 19-январда Жогорку Кеңеште ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Депутат Эмил Жамгырчиевдин адам өлүмү менен коштолгон соңку окуялардан кийин спортчулардын атына да көлөкө түшүп жатканы тууралуу суроосуна жооп берген Абдиев спорттук клубдардын ээлери жана аларда машыккандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, арасында күчтөнүп алып кылмышка барууну көздөгөндөр да жок эмес экенин билдирди: “Биз ошол себептен... Читать дальше...

Энергетика: ГЭС эски, баа арзан, керектөө көп

Azattyk.org 

Кыш чилдесинде электр кубаты менен өлкөнү камсыз кылуу эң орчундуу иш болуп турат. "Азаттыктын" суроолоруна энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берип, өчүрүүлөр, тыштан электр кубатын сатып алуу, Өзбекстан менен келишимдер, газ менен камсыздоо, энергетикалык көз карандысыздык сыяктуу маселелерге токтолду.

Ыш маселеси: Министрдин орун басары өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жоктугун билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаарына ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов 19-январда парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай абал абанын сапаты боюнча зыяндуу бөлүкчөлөрдүн нормасы 50дөн ашкан учурда гана киргизилет. "Кыргызгидрометтин Бишкек шаары, Чүйдүн үч районунда 50 датчиги бар. Анын көрсөткөнү боюнча зыяндуу болүкчөлөрдүн нормасы 9 эсе ашкан. Ал эми өзгөчө кырдаал 50 эсе ашкан учурда киргизилет. Ыш боюнча өзгөчө кырдаал киргизгенге мыйзамдуу негиз жок"... Читать дальше...

Бишкектеги ыш: Министрлик негизги себеп ЖЭБде экенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер боюнча маалымат берди. 19-январда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрдин орун басары Алмазбек Туманов: “Биринчи себеби Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) деп жатабыз. Экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менен курулуп кеткен курулуштар. Үчүнчүдөн – автоунаалар”, - деп айтты. Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө... Читать дальше...

Абдиев: Кылмыштуу топтор менен кызматташкан саясатчы, ишкерлер бар

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Уюшкан кылмыштуу топтордун байланыштарын иликтеп жатканын парламенттин 19-январдагы сессиясында  ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, саясатчы, ишкерлердин арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен мамиле түзүп, алар менен чогуу иш алып баргандар да бар. "Ишкерлер, саясатчылар арасында дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганын билип туруп, алар менен мамиле түзүп, чогуу ишмердикти алып барган фактылар кездешет. Азыр уюшкан... Читать дальше...

Былтыр Орусиянын "кара тизмесинен" 47 миң кыргызстандык чыгарылды

Azattyk.org 

2022-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” 47 миң кыргыз жараны чыгарылганын бүгүн 19-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Министрдин айтымында, бул маселе былтыр май айында Москвада эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда көтөрүлүп, тийиштүү мекемелерге тапшырмалар берилген. Ошол кезде, Кулубаев билдиргендей, “кара тизмеде” 60-80 миңдей кыргызстандык бар экени маалымдалган. “Жолдо жүрүү, визалык тартип сыяктуу... Читать дальше...

Оштогу киши өлтүрүүгө байланыштуу алтынчы шектүү кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Дагы үчөө изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында,  13-январда Ошто адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу беш киши кармалып, камалган. Алардын арасында "Женго" каймана аты менен таанымал, буга чейин дагы оор беренелерге айыпталып, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов бар. Бүгүн Жогорку Кеңеш калкты жылуулук... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *