smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 20.01.2023

Чек ара жана карым-катыш. Ташкенттин Борбор Азиядагы таасири

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакын арада Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө. Бул визит Бишкек менен Ташкент үчүн кандай мааниге ээ? Өзбекстан чек араны тактоодо эмнеге көңүл бурат? Ташкент Борбор Азиядагы лидерликке умтулабы? "Чоо-жай" түрмөгүндө ушул темага кайрылабыз.

Бишкекте ММКлардын имараттарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаарында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жайгашкан имараттарда “бомба коюлганы” тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Шаардык милиция эч кандай жарылуучу зат табылбаганын маалымдады. 20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre бизнес борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөн. 24.kg агенттигине да электрондук почта менен кат келип, кызматкерлер имараттан эвакуацияланган. Ушундай эле кат "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.media сайтына да келген. Читать дальше...

Камактагы активист Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад ишинин алкагында камалып жаткан активит Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, сот жараянын ачык өткөрүүнү талап кылып, онлайн флешмоб баштай турганын жарыялаган.  “Мага коюлган айыптар – абсурд экенин сиздер түшүнүп турасыздар деп ойлойм. Тергөө иштери жүрбөй, айып койгон протоколдор өзгөрүп, "ботко" болгону аз келгенсип, эми ишке “жашыруун” деген макам берип, эч кимге билдирбей, жашырып чечим кабыл алганы калышты" - деп жазылган билдирүүдө.  "Достор, сиздердин колдооңуздарга муктажбыз... Читать дальше...

Памирлик кыргыздар Бишкектен жардам сурайт

Azattyk.org 

Бишкекте көмүр тартыш, тоннасы 7-8 миң сомдон сатылууда. Ооганстанда катуу сууктан кеминде 70 адам каза болду. Өлкөдө гуманитардык кризис күч алууда. Путинди колдогон казак депутаты Азамат Абилдаевди "Ак жол" партиясы катарынан чыгарып, БШК мандатын алып салды.

Экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулу Болгарияда кайра кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда "өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган" деген негизде Интерпол издөө жарыялаган Данияр Ибраев Болгарияда кайрадан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, “металлист” деген кайман аты бар жаранга бир нече  алдамчылык аракеттерин жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ибраев ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып... Читать дальше...

Башкы прокуратура УКМКнын Оштогу тергөөчүсү кармалганын ырастады

Azattyk.org 

20-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгында Т.Ы. аттуу тергөөчү 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалганын Башкы прокуратура билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Маалыматта белгиленгендей, 19-январда Башкы прокуратурага О.А. ысымдуу жаран аталган тергөөчүгө жана атайын кызматтын башка кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган. Даттануучу тергөөчүлөр... Читать дальше...

Лондон соту уйгур активисттердин арызын четке какты

Azattyk.org 

20-январда Лондондун соту уйгурлардын укугун коргогон уюмдун арызын четке какты. “Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси” (УДК) деп аталган бозгундагы актвисттердин уюму британ өкмөтүн Кытайдын Шинжаң аймагынан импорттолгон пахтаны иликтей албай койгону үчүн сотко берген. Сот Ян Дав чыгарган чечимде «Шинжаң Уйгур автоном районундагы пахта өндүрүшүндө ачык жана кеңири жайылган зордук-зомбулукту далилдөөгө айныксыз байланыш жоктугун» жүйө келтирген. УДК Британиянын Ички иштер министрлигин, салык жана бажы кызматтарын... Читать дальше...



Бир катар ЖМКларга жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түштү

Azattyk.org 

Бир катар маалымат каражаттардын кызматкерлери жардыргыч затка байланыштуу маалыматтан улам эвакуация болууда. 24.kg агенттиги бомба тууралуу электрондук почтага кат келгенин жазды. Бишкек милициясы 20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre соода борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. 24.kg ушул соода борбордун имаратында жайгашкан. Ушундай эле кат 24.kg агенттигинен сырткары "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.mediaга да келген. Kaktus.media... Читать дальше...

Репрессия курмандыктарын реабилитациялоо боюнча талкуу өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 20-январда Бишкекте XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгесине арналган талкуу өтүүдө. Талкууну “Эсимде” изилдөө аянтчасы уюштуруп жатат. Уюштуруучулар «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү... Читать дальше...

УКМКнын Оштогу башкармалыгынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалганы кабарланууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Оштогу башкармалыгынын кызматкери ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" прокуратура органдарындагы өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, тергөөнү Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди. УКМК жооп бере элек. Айрым маалымат каражаттары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын 20дай... Читать дальше...

Президент “Ысык-Көл” жана “Каракол” аэропортторун жаңылоо иштери менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 20-январда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл аралык аэропортторун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын сайтында жарыяланды. Жапаровго “Манас” эл аралык аэропортунун, Президенттин иш башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиликтери жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анда айтылгандай, “Ысык-Көл” аэропортунда саатына 450 жүргүнчүнү кабыл ала турган... Читать дальше...

Милиция Бишкектеги мектептерде жардыргыч зат табылбаганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкектеги окуучулар эвакуацияланган айрым мектептерде эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, маалымат түшкөн мектептерди саперлор текшерип чыгышты. 20-январь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы беш мектептин окуучулары, бардык кызматкерлер бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Мындай маалымат №33, №63 мектеби жана "Илим", "Сейтек STEM", Айтматов атындагы лицейге келген. Тигил... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту газдаштырууну тапшырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ыш маселесин чечүү үчүн калаага караштуу көгүлтүр отун жете элек конуштардын калганын да газдаштыруу тапшырмасын койду. Бул тууралуу ал 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде айтты. “Быйыл Бишкек шаарынын 20 конушун жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Читать дальше...

Өзбекстанда кыргызстандык сиам эгиздерди бөлүү операциясы жасалды

Azattyk.org 

Өзбекстандык дарыгерлер кыргызстандык ымыркай сиам эгиздерди бөлүү операциясын ийгиликтүү өткөрүшкөнүн 19-январда өзбек Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өтө татаал деп мүнөздөлгөн бул операцияны бир ай мурда өлкөнүн тажрыйбалуу дарыгерлер тобу жасады, ымыркай кыздардын абалы туруктуу, аларды жакын арада үйүнө чыгарышат. Эм кыздардын апасы, Ош шаарынын тургунуна былтыр 31-майда Бишкекте кесардык ыкма менен операция жасалганы, анда 29 апталык ымыркайлардын жалпы салмагы 1600 грамм болгону... Читать дальше...

ИИМ бир жылда маңзатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Икчи иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жылдык жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 6,6 тонна баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган. Басымдуу бөлүгүн прекурсорлор түзөт (5 тоннадан ашуун). Милиция бир жыл ичинде 76 кг героин, 169 кг гашиш, 281 кг марихуана, 230 кг психотроптук заттар... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн жылый баштайт

Azattyk.org 

21-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…+4; Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5; Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5; Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32... Читать дальше...

Коңурбаева: Креативдүү тармак өнүгүшү үчүн эркиндик толук сакталышы керек

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы дүйнө жүзүндөгү бардык креативдүү тармактын өкүлдөрүн Кыргызстанга келип иштөөгө чакырат. Бул тууралуу президенттик администрациянын өкүлү Азамат Темиркулов Бишкекте өтүп жаткан Креативдүү индустриялар паркын өнүктүрүү боюнча жыйында сүйлөп жатып айтты. Темиркулов өлкө экономикасы үчүн креативдүү тармактын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекет приоритеттүү үч багытты (креативдүү экономика, санариптештирүү, жашыл экономика) тандап алганын айтты. Журналист Назгүл Коңурбаева... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду. Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт. Топографиялык жумушчу топ былтыр декабрдын башында Кыргызстанда жолугуп, кыргыз-тажик... Читать дальше...

Нарын: Милиционердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө

Azattyk.org 

Нарында милиция кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 20-январда билдиргендей, кызматтык иликтөө жана тергөө жүрүүдө. Окуя 18-январда Нарын шаарында болгон. 36 жаштагы милициянын капитанынын сөөгү үйүндө жипке асынган абалда табылган. Милиция бул окуяны суицид деп атоодо. Маркумдун денесинде күч колдонуу белгилери аныкталбаганы маалымдалды. Ата-энеси жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти. Читать дальше...

Жолдон корккон окуучулар, үшүгөн бейтаптар

Azattyk.org 

Жол чырак иштебей калганда жолдон өтө албай кыйналган окуучулар, Ала-Букадагы жылыбаган ооруканада үшүгөн бейтаптар, Майлуу-Сууда канализация жана суу түтүктөрү жарылып жүдөп жаткан тургундар... "Эл үнү" берүүсүнө бул жолу кайрылгандардын көбү электр жарыгы өчкөндөн бери келип чыккан көйгөйлөргө даттанышты. “Жарык өчкөндө окуучулардын коопсуздугу ойлонтот” Бишкек шаарынын тургуну Рита Кашкараева суук түшүп, электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жаткандыктан жолдон өткөн окуучулардын коопсуздук маселеси курчуп жатканына кабатыр. Читать дальше...

Өкмөт таза суу тарифин тезинен өзгөртүү керек деп эсептей турганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү таза суунун тарифин өзгөртүүнү караштырууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров район жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушууда айтканын 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жапаровдун айтымында, бир куб метринин (1 миң литр) өз наркы 7 сом 70 тыйын болгон ичүүчү сууга Бишкектин тургундары 5 сом 38 тыйын төлөп жатышат. Чүй облусунда бир куб метр таза суунун муниципалдык тарифи 8 сом, Жалал-Абад облусунда 15 сом деп аныкталган... Читать дальше...

Жапония чек ара жаңжалында жабыркаган 25 миңдей кишиге колдоо көрсөтөт

Azattyk.org 

Жапон өкмөтү Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Азык-түлүк программасы аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткендин тургундарына көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу Баткен мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул күндөрү Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугуп, баткендиктерге берилчү жардамды өткөрүп берди. Бул иш-чарага БУУ программасынын, жергиликтүү... Читать дальше...

ӨКМ: Бир жылда өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда былтыр өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан. Куткаруучулар 31 адамды аман алып калып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан. 2020 жана 2021-жылдары өрт кырсыгынан каза болгондор 43 жана 51 адам болгон, материалдык чыгым 854 миллион жана 904 миллион сом деп эсептелген.

Бадахшанда 90дой этникалык кыргыз паспорт ала албай жатканы айтылды

Azattyk.org 

Памирдеги этникалык кыргыздар документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектөөсүнө байланыштуу Кыргызстандын бийлигине кайрылып, аларды Ооганстандан тез арада алып кетүүнү суранышууда. Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда 88 этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат. Өзүн Мухаммед Абдулжапар уулу деп тааныштырган адам каражатсыз, ижара акысынан кыйналып жатканын, катуу сууктан улам үч кызынын бирөө каза болуп калганын айтты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *