smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 21.01.2023

Устун басып калган аялдын өзүн кечирбеген күйөөсү

Azattyk.org 

Жапан адабиятынын классиги Акутагава Рюнесконун “Күмөн” аңгемесинин сюжеттик негизин кысталыш учурда алдастап калган адамдын өзүн-өзү соттоосу, абийир жазасы түзөт. Айласы куруп алапайын таппай турган чакта жасалган ишти жаап-жашырып коюш кыйын экен. Бейтааныш адам Оголе оор окуяны баяндоочуга бейтааныш адам айтып берген. Баяндоочу Огаки шаарында жүрүш-туруш маданияты жайында лекция окуганы келген. Ээн үйдө жалгыз китеп окуп отурса тиги киши кирип келип атпайбы. Жапан каадасы кылып бейтааныш... Читать дальше...

"Өлкөмдү сагынып келип, таарынып кетем". Мариинск театрында бийлеген Канат

Azattyk.org 

Канат Надырбек 32 жашта, Орусиядагы Мариинск театрынын төртүнчү сахнасынын премьер балети. Ал бул даражаны алган Болот Миңжылкиевден кийинки эле экинчи кыргызстандык. Канат Надырбектин жаңы жылдагы алгачкы иш сапары Кыргызстандан башталды.

Кыргыз бийлиги электр баасын көтөрүүнү чечти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык тууралуу билдирүүсүн жарыялады. Анда өлкө башчы учурдагы маал-маалы менен өчүрүүлөр жана электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылдыгы тууралуу кеп козгоду. Эксперттер тарифти көтөрүү менен көйгөй чечилбесин айтууда. Президент Садыр Жапаров учурда Кыргызстандын бүткүл аймагында болуп жаткан маал-маалы менен өчүрүүлөрдү "веердик" эмес, "авариялык өчүрүүнүн алдын алуучу чаралар" деп атады. "Азыркы... Читать дальше...

АКШнын эки сенатору Садыр Жапаровго "Азаттыкка" байланыштуу кат жолдошту

Azattyk.org 

АКШ сенатору Боб Менендес жана Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен "Азаттык" радиосуна болуп жаткан соңку кысымдарга карата тынчсыздануусун билдирип, Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдошту. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 21-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты. "Биз Кыргызстандын жетекчилигинин Борбор Азиядагы эң эркин, көз карандысыз медиа мейкиндикти колдоодо ойногон тарыхый ролун моюнга алабыз. Читать дальше...

Аба ырайы: Туман түшөт

Azattyk.org 

22-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2; Таласта түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…+2; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3; Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2; Нарын аймагында түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15;... Читать дальше...

Лукашенко Жапаровду куттуктады

Azattyk.org 

Беларус президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул маалымат президенттин расмий сайтына 21-январда чыкты. "Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү. Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык... Читать дальше...

Перудагы демонстрацияларда элүүдөн ашык киши жараланды

Azattyk.org 

Перудагы бийликке каршы демонстрациялар маалында 58 киши жараат алды. Алардын айрымдарынын колу-буту сынып, жараат алып ооруканага кайрылышкан. Каршылык акциялары бир айдан ашуун уланууда. Ага чыккандар жаңы шайланган президент Дина Болуартенин кызматтан кетүүсүн, Баш мыйзамды өзгөртүп, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Демонстранттардын дагы бир талабы - 18 айдан бери козголоң уюштурду деп айыпталып камакта жаткан мурдагы президент Педро Кастильону бошотуу. Борбор калаа Лимада 20-январда демонстранттар таш... Читать дальше...

Илимий даражасы барлардын кошумча төлөмү көбөйөт

Azattyk.org 

Быйылтан тарта Кыргызстанда илимдин доктору, кандидаттардын илимий даражасы үчүн төлөнгөн кошумча акы 50% көтөрүлөрү маалым болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 21-январда билдирүү таратты. 1-январдан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына кошумча төлөмдөр белгиленди. Ага ылайык илимдин доктору даражасы барларга ай сайын 2700 сом, илимдин кандидаттарына 1350 сом кошумча төлөм берилмекчи. Читать дальше...



"Бизди көчүрүп кеткиле". Ооган кыргыздарынын суранычы

Azattyk.org 

Ооганстандагы бир нече этникалык кыргыз документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу аларды Кыргызстанга тез арада алып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошту. Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда токсондой этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат. "Азаттык" радиосуна Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Ишкашим районунда паспорт ала албай кыйналып жаткан бир нече этникалык кыргыз кайрылды. Читать дальше...

Акын Толук Бек Байзак ТҮРКСОЙдун сынагында жеңүүчүлөрдүн бири болду

Azattyk.org 

ТҮРКСОЙ уюму мажар элинин акыны Шандор Петөфинин 200 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жыйынтыгын жарыялады.  Жеңүүчүлөр арасында Кыргызстандан акын Толук Бек Байзак да бар экенин аталган уюмдун төрагасы Султан Раев 21-январда Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Жалпы түрк дүйнөсүндө акындын “Сүйүү жана азаттык” деген төрт сап ырын ар бир ТҮРКСОЙ курамына кирген өлкөлөрдүн улуттук тилинде көркөм которуу боюнча мындан эки мурда “Лакитилек” мажар фонду менен бирге сынак жарыялаганбыз. Бүгүн сынактын жыйынтыгы чыгып... Читать дальше...

"Электр өчкөндө тамак ичпей калдык". Майыптыгы барларды кыйнаган кыш

Azattyk.org 

Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү жашаган батирлерде бир апта бою свет өчүп жатат. Көк-Жар жаңы конушундагы көп кабаттуу үйлөрдө газ киргизүүгө уруксат берилген эмес. Ушундан улам майыптыгы бар тургундар кыштын ызгаарында кыйналганын айтышууда. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун маселеси 19-январда Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, энергетика министри жарыкты маал-маалы менен өчүрүүгө аргасыз экенин билдирген.

Ташиев күч түзүмдөрүндө келишпестик жоктугун билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы УКМК кызматкеринин кармалышы тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин 21-январда өткөн облустук мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жыйынында сөз сүйлөп, күч түзүмдөрү ортосунда келишпестик жок экенин айткан. УКМК башчысы анда 20-январда Ошто пара алууга шек саналып кармалган кызматкерге байланыштуу операцияны Башкы прокуратура... Читать дальше...

"Бишкек жана Ошто кымбат". Катуу суукта көмүр баасы көкөлөдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы байкалып, мындан улам баа кымбаттап кетти. Азыркы тапта тоннасы 7-8 миң сомдон сатылып жатат. Ал эми Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 12 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул кыргыз өкмөтү коюп берген баадан эки эсе кымбат дегенди түшүндүрөт. Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасы Кара-Кече кенинде тынымсыз иш жүрүп атканын билдирди. "Кара алтын" болуп көрбөгөндөй кымбаттады "Дордой” базарынын ылдый жагындагы жолдун жээги көмүр базарга айланганына бир нече жыл болду. Бир аптадан бери Бишкекте көмүр калбай... Читать дальше...

Акылбек Жапаров эски машинелердин санын азайтууну сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектин борборуна эски автоунааларды киргизбөө керектигин айтты. Жапаров 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго бир нече тапшырма берди. "Биз транзиттик каттам менен кирип жаткан автоунаалардын маселесин чечишибиз керек. Алар шаарды айланып өткүдөй болсун. Бишкектин кайсы зоналарында ыштын көрсөткүчү 500дөн ашып жатканын тактап... Читать дальше...

"Репрессия курмандыктарын кылчактабай актоо керек"

Azattyk.org 

Бишкекте XX кылымдын 20-50-жылдарындагы саясий репрессиялардын бардык курмандыктарын реабилитациялоо демилгесине арналган талкуу өттү. Талкууга катышкан коомдук ишмерлер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр коомдук талкууда турган мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын айтты.

Гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сарыктын В түрүнө каршы эмдөө акысыз жүрүп жатканын кабарлады. “Жалпы 600 миң доза вакцина бар. Алардын 450 миңи гуманитардык жардамдын алкагында келген. Бюджеттик каражатка 150 миң доза алынган”, – деп билдирди министрлик. Биринчи этапта эмдөө 2022-жылдын этегинде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө башталды. 17-январга чейин Бишкекте 1636... Читать дальше...

Кыргызстан электр энергиясын сырттан үч сомдон сатып алууда

Azattyk.org 

Кыргызстан бир киловатт электр энергиясын сырттан 3 сомдон сатып алууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 21-январга караган түнү Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө айтылат. Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстан учурда коңшулардан 3 млрд. кВт электр энергиясын алып жатат. “Акыркы 15 жылдан бери кышкы мезгилде өзүбүздөн чыккан электр энергия жетпей (жай мезгилинде өзүбүздүкү жетет) кошуна өлкөлөрдөн 3 млрд. кВт саат электр энергиясын 3 сомдун тегерегинде импорт кылып алып келебиз. Читать дальше...

Концлагерден Кыргызстанга чейинки сапар

Azattyk.org 

Театр таануучу, куугунтук курмандыгы Людмила Жапар кызы Молдалиева - экинчи дүйнөлүк согуш башталганда депортацияланган советтик немис үй-бүлөлөрдүн биринин мүчөсү. Ал энеси Мариянын “эмгек лагеринде” кечирген күндөрү, кичинекей эже-сиңди Нина менен Людмиланын басмырланган балалыгы, репрессияга кабылып, түрмөгө түшкөн атасы Жапарды Кыргызстандан кантип издеп табышканы тууралуу “Азаттыкка” айтып берди. “Репрессия курмандыктары” берүүсү үчүн маекти Бурулкан Сарыгулова уюштурду.

Британ премьер-министри коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Риши Сунакка 20-январда машинени коопсуздук курун такпай айдаганы үчүн айып пул салынды. Ал өлкөнүн түндүгүндөгү Ланкашир аймагына иш сапар учурунда кызматтык унаасын айдап жүргөн. Би-Би-Си “42 жаштагы жаран Ланкаширде коопсуздук курун тагынбай машине айдап кармалды”, - деп жарыялап, кийин анын Риши Сунак экенин тактаган. Өкмөт бул окуядан кийин коомчулуктан кечирим сурады. Сунак иш сапар маалында машинени өзү айдап, анын жансакчылары мотоцикл менен коштоп жүргөн. Читать дальше...

Садыр Жапаров электр энергиясы кымбаттай турганын жарыялады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 21-январдын түнүндө Фейсбуктагы баракчасы аркылуу энергетикалык абал тууралуу билдирүү таркатты. Анда ал соңку учурдагы электр энергиясын өчүрүүнүн негизги себеби бул тармактагы жабдуулардын 80% эскирип калганы, ички электр өндүрүү көлөмү колдонуу талабынан ашып кетип жатканы менен түшүндүргөн. Азыркы жарыкты өчүрүүнү «веердик» эмес, «авариялык» өчүрүүлөр деп атаган. Буга байланыштуу май айынан тарта электрдин тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын жазды. “Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *