Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду
Түркмөнстанда Халк Маслахаты (Элдик Кеңеш) деп аталып келген парламенттин жогорку палатасы жоюлду. Ал расмий түрдө өзүнчө турган эң жогорку бийлик органы катары жарыяланып, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухаммедов жетектейт. Ал эми Улут лидери макамына ээ болду. Аны жаңы түзүлгөн жогорку органдын төрагасы катары дайындаган учурдагы президент Сердар Бердымухаммедовдун буйругу жергиликтүү басылмаларга 21-январда жарыяланды. Түркмөнстанда көз карандысыз орган катары түзүлгөн Халк Маслахаты... Читать дальше...