БУУ: Ооганстанда ачарчылыкка кабылгандар рекорддук чекке жетти
Ооганстанда калктын жарымы тамакка жетпей, ачка отурганын Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү билдирди. 2021-жылы августта “Талибан” кыймылы Кабулда бийликти басып алгандан кийин эл аралык жардам токтоп, андан бери миллиондогон киши жакырчылыкка батты. «Ооган элинин жарымы жыл бою ачарчылыкта отурса, курсагы тоюп тамак жей албагандардын саны мурда болуп көрбөгөндөй көбөйдү”, – деди эл аралык уюмдун өкүлү Филипп Кропф. Ал 7 миллион наристе энеси менен жеткен жакырчылыкта күн көрүп жатканын белгиледи. Читать дальше...