Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2023

Новости за 27.01.2023

ТИМ кыргыз жарандарынын Казакстанда жүрүү эрежеси боюнча элчиге кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Имангазиев кыргызстандыктардын Казакстандын аймагында жүрүүсүн тескеген жаңы эрежеге тынчсыздануусун билдирген. Кыргыз тарап айрыкча күн сайын чек арадан өткөн жүк ташуучулар, такси айдоочулар жана курулуш, тамак-аш тармагында иштегендерге тоскоолдук жараларын белгилеген. Казак дипломаты чек арадан... Читать дальше...

Талас шаардык кеңешинин вице-спикери Азиз Курамаев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

27-январда Талас облустук соту коррупцияга шектелип кармалгандардын бөгөт чарасын аппеляциялык тартипте карап, Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Азиз Курамаевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди. Маалыматка караганда, Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок.  Улуттук... Читать дальше...

Өзбекстанда Human.uz сайтынын журналисттерди кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандагы коомдук-саясий окуяларды чагылдырган Human.uz сайтынын бир канча кызматкери кармалды. Арасында басылманын директору Хуршид Далиев, сайттын башкы редактору Муслим Мирзажонов бар. Аларды өзүн "бийликтин кызматкерлерибиз" деп тааныштырган адамдар 27-январда эртең менен алып кеткени тууралуу ыкчам кабар сайттын Телеграмдагы каналына чыккан. Басылманын кеңсесинин эшигине мөөр басылды. Сайт бөгөттөлүп, кайра иштей баштады. Жергиликтүү журналисттер кармалгандар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын, кайда экени белгисиздигин жазышты.

Бишкек - Ташкент: Чек ара чечилди, абактагы актвисттердин үнү

Azattyk.org 

Бул тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында 24 документке кол коюлду. Эки мамлекет чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо грамоталары менен алмашты. Президенттер тар жана кең форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы алка-катышты камтыган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга да кол койду.

Парламентте КУУну Түштүк Кореяга күрөөгө койгондордун маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

27-январда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) Түштүк Корея мамлекетинен алынган насыя үчүн күрөөдө экени тууралуу маселе кайра көтөрүлдү. Эл өкүлү Ырысбек Атажанов өлкөнүн олуттуу жогорку окуу жайын мындай кырдаалга кептеген тиешелүү жетекчилерди жоопко тартууну сунуштады. “Бул абдан уят иш. Ким күрөөгө коюп, насыя алган? Ал насыя кандай багытта иштегени жөнүндө маалымат берилсин. Ошол учурдагы тиешелүү жетекчилер жоопко тартылышы керек”, - деди. Читать дальше...

Кочкордогу "каралардын карааны"

Azattyk.org 

Кочкор районунда соңку бир айдан ашык убакыттын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү катышкан окуялар болду. Криминал менен "коюн-колтук алышкан" деген айып менен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси баштаган айрым милиция кызматкерлери иштен алынды, кээ бири камалды.

Ооганстанда катуу сууктан жарым айда кеминде 160 киши каза тапты

Azattyk.org 

Ооганстанда сууктан кеминде 160 киши каза таап, 70 миңден ашуун мал-жандык кырылды. Айрым жерлерде сууктун күчү -34 гардуска чейин жетип, соңку жылдардагы эң катуу аяз каптады. Ооганстанды башкарган "Талибан" өкмөтү 10-26-январь аралыгында эле кеминде 162 киши өлгөнүн билдирди. Тамак-аш тартыш өлкөдө дары-дармектин жоктугунан жалпысынан айыл-кыштактын элинин, малчылардын арасында өлүм-житим көбөйгөнү маалым болду. Көпчүлүк райондор менен каттам токтогон, жолдор жабык, ашууларда тоңуп калгандар бар. Читать дальше...

АКШ Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгын кубаттайт

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык стабилдүүлүккө умтулуу аракетин кубаттайт. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Твиттердеги баракчасына жазды. “Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын аймактык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө бирге умтулуусун көрсөткөн ийгиликтүү аракеттерин кубаттайт”, - деп айтылат билдирүүдө. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-январда эки күндүк мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди. Президент Садыр Жапаров... Читать дальше...



Самат: “Азаттыкка” чыкканым мага дем берген

Azattyk.org 

2011-жылы "Азаттык” токко урунуп эки колунан ажыраган Самат тууралуу атайын берүү даярдаган. Анда ал бир топ кыялдары менен бөлүшкөн. Азыр Самат жасалма кол салдырып, машине айдайт. Алты жыл мурун үй-бүлө күтүп, эки уулду болгон.

АКШ: Арачылар соту Сайфулло Саиповду Нью-Йорктогу кол салууга күнөөлүү деп тапты

Azattyk.org 

26-январда АКШнын федералдык сотунда арачылар соту Өзбекстанда туулуп- өскөн Сайфулло Саиповду 2017-жылы Нью-Йорктун Манхеттен районунда өз жолу менен бараткан велосипедчендерди машинеси менен тепсетип кеткен деп тапты. Ал каргашада сегиз киши каза таап, 12 адам жабыркаган. 34 жаштагы Саипов буга чейинки көрсөтмөлөрүндө сот чечимин тааныбай турганын билдирген. 2010-жылы Кошмо Штаттарга грин-карта утуп алып кеткен өзбекстандыкка 28 пункт боюнча, анын ичинде адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу жана... Читать дальше...

Лейлекте ок атуучу куралы бар жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Azattyk.org 

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу айрым айылдарды кыдырып, ок атуучу куралы бар жарандарга жолугуп, аларга сактоо, мөөнөтү өтүп кеткен же атасынан калган куралды кайра каттоо эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. 2021-жылы Жогорку Кеңеш "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алган. Долбоорго ылайык, "ыйгарым укуктуу жарандарды" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Читать дальше...

ИИМ: Кооперативдер келтирген чыгым бир миллиард сомго жакындады

Azattyk.org 

Өткөн жылы турак жай кооперативдеринен 1524 адам жабыркап, келтирилген зыян 901 млн. 726 миң сомду түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Учурда ИИМде 1524 кылмыш иши катталып, анын 1284ү сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгымдын 108 млн. 855 миң сому өндүрүлгөн. Милиция жарандарды коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу батир, үй алууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет. Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

28-январда өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6; Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6; Нарын аймагында түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус суук болот. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Читать дальше...

Тегерандагы Азербайжан элчилигине кол салуудан бир киши набыт болду

Azattyk.org 

Иран баш калаасындагы Азербайжандын элчилигине кол салууда бир киши каза таап, эки адам жарадар болгонун Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 27-январда билдирди. “Кол салган киши элчиликтин күзөт бекетине кирип келип, күзөт кызматынын жетекчисин Калашников автоматынан атып салган”, – деп айтылат Бакунун билдирүүсүндө. Окуя 27-январда Баку убактысы боюнча эртен мененки 8:30дарда болгон. Полиция шектүүнү кармады. Жараат алгандардын абалы жакшы. Ирандын Tasnim маалымат агенттиги Тегеран полициясына таянып... Читать дальше...

Каракол: Ымыркайлар инфекциядан чарчап калганы аныкталып, алты жетекчи иштен алынды

Azattyk.org 

Караколдогу төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуяга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынды. Бул тууралуу 27-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, окуянын чоо-жайы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусу менен өткөн көчмө жыйында талкууланганын маалымдады. Анда “ымыркайлардын инфекция кирип чарчап калышына алып келген учурларды дароо аныктоону жана алдын... Читать дальше...

Мирзиёевдин Бишкек сапарында 20дан ашык документке кол коюлду

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өз ара алака-катышты чыңдап, өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту. Кол коюлган документтер: Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстанстандын өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; Кыргызстандын Каржы... Читать дальше...

"Азаттыкка" кысым: эркиндикти жоготуу оңой, жетүү кыйын

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Муну менен буга чейин алгач сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөгөн мамлекеттик органдар эми “Азаттыкты” толугу менен жабууга аракет кылууда. Бийлик түзүмдөрүнүн мындай кадамы коомчулуктун, журналисттердин жана эл аралык уюмдардын терең тынчсыздануусун жаратууда. Кыргызстандын тарыхында эркин медиага, анын ичинен “Азаттыкка” кысым көрсөткөн учурлар болуп... Читать дальше...

Жапаров кыргыз-өзбек өлкө башчыларынын кеңешин түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 27-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда өз ара алака-катыштын макамын көтөрүү үчүн мамлекеттер аралык кеңеш түзүү маанилүү экенин билдирди. Буга байланыштуу тапшырмаларды берүүнү сунуштады. "Мааракелик жылда союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюу менен мамлекеттер аралык мамилелердин статусун көтөрүүнү жана өлкө башчыларынын деңгээлинде Жогорку мамлекеттер аралык кеңешти түзүү маанилүү деп эсептейм. Тиешелүү документтерди даярдоону... Читать дальше...

Бишкек: Жол кирени кымбаттатуу планына түшүндүрмө берилди

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кирени кымбаттатуу планын дифференцияланган (ар башка) тарифти эске алуу менен гана ишке ашыруу каралып жатканын бүгүн 27-январда “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, муниципалдык автобус-троллейбуска жол кирени накталай эмес төлөгөн жүргүнчүлөр үчүн азыркыдай эле тариф кала берет, социалдык жеңилдиги барлар үчүн да тариф жогорулабайт . Читать дальше...

"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын соту башталды

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 27-январда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын соту башталды. Ал былтыр июнь айында кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бекмурзаевага Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелеринин негизинде айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөгө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн. "Ихсандан" үй ала албай, акчасын кайтара албай калганын айткан... Читать дальше...

Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аяктап жатканын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жараяны аяктап жатканын билдирди. Ал Мирзиёевге кайрылып, эки коңшу мамлекет чек ара маселелеринде диалогго жана чечимдерди кабыл алууга даяр экенин көрсөткөнүн белгиледи. "Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Урматтуу Шавкат Миромонович, бул маселени чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет. Читать дальше...

Өспүрүм кыздар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда өспүрүм кыздардын репродуктивдик ден соолугуна арналган атайын мобилдик тиркеме иштей баштады. Бул тууралуу 27-январда “Азаттык” радиосуна долбоордун демилгечиси – “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, “Oky” (оки) тиркемеси чөнтөк телефондордун көпчүлүк түрүнө оңой эле жүктөлөт, кыздардын репродуктивдик саламаттыгына байланыштуу так маалымат берет, себеби ал аркылуу кыздар айыз цикли башталганда эмне кылуу керек экени жөнүндө кеңири маалымат... Читать дальше...

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу башталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы эки күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында тар чөйрөдөгү жолугушуу башталды. Президент Садыр Жапаров менен Мирзиёев көзмө-көз кездешкенден кийин кеңири чөйрөдө жыйын болот. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.  Соңунда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп,... Читать дальше...

Жалал-Абад: кардар күткөн жаңы базар

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда соода жүрбөй, жер-жемиштер чирип, соодагерлер базарга чыкпай жатат. Соодагерлер жергиликтүү бийлик берген убадасына туруп, маршуруттук каттамдарды базардын айланасына коюп, борбордук базардагылардын муниципалдык катарын толук көчүрүп келиши керектигин айтып жатышат. Айрым соодагерлер он күндөн бери эч нерсе сатпай, аларман жок отурушат. Бийлик базардан орун алып соода кылбай жаткандардын күркөлөрүн башкаларга бергени жатат.

Каракол: оорукана башчысы ымыркайлар өлүмүнөн кийин кызматтан кетти

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагынбаев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева "Азаттыкка" билдирди. Аталган ооруканага караштуу төрөтканада жыл башынан берки эки аптанын ичинде алты ымыркай чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги  тийиштүү адистерден турган атайын комиссия  окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле төрөт үйүнүн директору кызматынан убактылуу четтетилген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *