Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

УКМКнын төрагасы “кол тийгис адамдар болбойт” деп билдирди

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков УКМКда иштеп турганда кызмат абылынан аша чаап кеткен деп шек саналган кызматкерлердин ишин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Аскер прокуратурасы жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал “Вечерний Бишкек” басылмасына берген маегинде айтып, УКМК коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүн улантарын кошумчалады.

“Дагы бир жолу кайталайм, менин колуман эмне келсе баары жасалат. Мыйзам бузууларга жол бергендер кызматтан бошотулуп, улуттук коопсуздук органдарынан кетти. Алардын аракетине юридикалык баа берилип, коомчулукка маалымат таратылат. Мындан ары мамлекеттик органдарда (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте гана эмес) кол тийгис эч ким болбойт. Мыйзамсыз иштерге аралашкандар жоопкерчиликке тартылат”, - деди ал.

Жумгалбек Шабданбеков жемкорлукка жана уюшкан топторго каршы күрөш мыйзамдуу жол менен “маски-шоусуз” улантыларын айтты.

Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *