Болтон менен Эрдогандын жолугушуусу болбой калды
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кеңешчиси менен Анкарада жолугуп, Сириядагы кырдаал, АКШнын бул аймактагы аскерлерин алып чыгуу боюнча пландарын талкуулашты. Негизги көңүл АКШнын “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна каршы күрөшүүсүндөгү өнөктөшү саналган сириялык күрттөргө бурулду. Вашингтон Сириядагы күрт кошуундарына Түркия кол салбай тургандыгына кепилдик алууну көздөп жатат. Бул АКШ Сириянын түндүк-чыгышынан өз аскерлерин чыгарарынын “шарты” экенин билдирген. Читать дальше...