smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2019

Новости за 12.09.2019

Өкмөт башчы жаңы билим берүү министри Каныбек Исаковду жамаатка тааныштырды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы дайындалган министр Каныбек Исаковду тааныштырды. Абылгазиев билим берүү тутумунда маанилүү реформаларды ишке ашырыш үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды киргизүү жана билим берүүгө инвестиция салууну күчөтүү зарыл экендигин айтты.  - Ошондой эле мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап... Читать дальше...

Жалал-Абадда 100 орундуу бейтапкана салына баштады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук клиникалык борбору үчүн 100 орундуу эки кабаттан турган имараттын курулушу башталды. Бейтапкананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдиргендей, курулушка республикалык бюджеттен 77 млн сом каралган. - Оорукананын бул имараты кийинки жылдын аягында ишке берилсе, кулак-мурун оорулары, урология жана бет-жаак хирургиясы, көз оорулары бөлүмдөрү ошол жакта жайгашат. Германия өнүктүрүү банкынын эсебинен 3 млн. еврого курулуп жаткан ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору да жакындан тартып иштей баштайт, - деди Ботокараев. Читать дальше...

Орусияда Навальныйдын штабдарынын баары тинтилди

Azattyk.org 

Орусияда күч органдары оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондунун аймактардагы штабдарынын баарын - 40тан ашык кеңсесин тинтип чыкты. Бул тууралуу фонддун менеджери Леонид Волков билдирди:  - Тергөө топтору штабдардагы видеокөзөмөл камералары иштебей калсын деп кайсы бир кеңселердин электр энергиясын, интернет-роутерлерин өчүрүштү. Тинтүү штаб кызматкерлеринин катышуусу жок жүрдү.  Мунун алдында Навальный фонду менен «Дождь» телеканалынaн бир миллиард рубль доо... Читать дальше...

Текебаев менен Чотоновдун иши каралды (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра каралды. Судья жараянда видеого тыюу салып, аудио жазууга уруксат берди.

Дональд Трамп талибдерди «талкалоого» убада берди

Azattyk.org 

АКШда 11-сентябрь теракттарынын кесепетинин 18 жылдыгы эскерилди. Иш-чарага террордук чабуулдарда аман калгандар жана ажал тапкандардын тууган-уругу катышты. Президент Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын мизи мындан ары «буга чейинкиден дагы катуу майтарылат» деп убада берди. Мунун алдында Трамп «Талибан» менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун кабарлаган. 2001-жылы 11-сентябрда жанкечтилер барымтага алган жүргүнчү учактары Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун кош мунараларына урулган. Читать дальше...

Текебаев менен Чотоновдун сотунда видео тартууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо башталды.  Судья жараянда видеого тыюу салып, аудио жазууга уруксат берди. Адвокат Таалайгүл Токтакунова ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп берди. Ал доогерлер Модин менен Маевский Текебаев менен жолукканын айткан иш бөлмө Атамбаевдики болгонун жана бул көрсөтмө жалган экени иш башкармалыктын маалымдамасы менен ырастала турганын билдирди. Жогорку... Читать дальше...

Иранда австралиялык-британиялык саякатчы жубайлар камалды

Azattyk.org 

Иранда Австралиянын жана Британиянын жарандары, блогер-саякатчы жубайлар Марк Фиркин менен Жоли Кинг жана дагы бир окумуштуу аял камакта отурат. Аларды Ислам революциясынын сакчылары корпусу Тегерандын жанындагы Жажруда провинциясынан камакка алышкан. Жубайларга «уруксатсыз дрон учурган» деген айып коюлган.  Австралиялык ABC телеканалы австралиялык-британиялык жарандыгы бар дагы бир аял Иранда дээрлик бир жылдан бери абакта отурганын жазды. Айрым бир маалыматка караганда окумуштуу аял 10 жылга эркинен ажыратылган... Читать дальше...

Майып кыздар Бишкекте сулуулук салонун ачышты

Azattyk.org 

«Теңдик» («Равенство») коомдук уюмунун атайын курстарын аяктаган мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар Бишкек шаарында аялдарга сулуулук салонунун кызматтарын көрсөтүүчү борбор ачышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдан кабарлашты. Кыздар классикалык маникюр, тырмакты кооздоо жана лак коюу, кашты көркөмдөө, хрусталь татусу, кирпикти өстүрүү, кечки жана күндүзгү макияж жасоо өңдүү тейлөөгө адистешкен. Атайын бөлмө «Бир дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунда, Сыдыков көчөсүнүн 258 номурдагы дарегинде жайгашты. Читать дальше...



Жайыл районунда 5 миллион сомду уурдоо боюнча шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Жайыл районундагы Бөксө-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен 5 миллион сомду жана 12 миң долларлык алтын буюмдарды уурдоо боюнча шектүү эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Анда айтылгандай, аталган айылдын 60 жаштагы тургуну үйүндөгү акчасын, үйүнүн документтерин жана баалуу буюмдарын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, быйыл апрель айында милицияга кайрылган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурулук») боюнча катталып... Читать дальше...

Токаевдин сапары, Шинжаң казактарынын үнү

Azattyk.org 

Казакстанда «кытай долбоорлоруна» каршы акциялар күчөп жаткан шартта президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапары менен барды. Антикытайлык маанай күткөн акциялардын катышуучулары Кытайдын Шиңжаңдагы казактарга карата саясатын да айыпташууда.

Бир катар уюмдар «Доор чакырыгы» саясий кыймылына бириккенин жарыялашты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы бир катар саясий партия, коомдук уюм жана кыймылдар «Доор чакырыгы» аттуу коомдук уюмга бирикти. Бул тууралуу кыймылдын өкүлдөрү 12-сентябрда, Бишкек шаарында тегерек үстөлгө чогулганда билдиришти. Коомдук уюмдун төрайымы Лира Усабалиева билдиргендей, уюм өкүлдөрү жыл соңуна чейин улуттук идеологияны иштеп чыгуу, улуттук мамлекеттүүлүктү бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өз сунуштарын берет. - Биздин коомдук руханий-маданий, саясий кыймыл жарандык коомдун өкүлдөрү... Читать дальше...

Акыйкатчы Кой-Таштагы операцияда жабыркаган жергиликтүүлөрдү кабыл алды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алып, окуя тууралуу маалыматтарын угуп жатат. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү «Фейсбукта» түз эфирде көрсөтүп жаткан видеолорго ылайык, окуяда жаракат алгандар, балдары камалгандар даттанып жатышат. Чогулгандардын арасында Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары бар. Читать дальше...

Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө берген Алексей Модинге каршы милицияга даттанды

Azattyk.org 

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май район бөлүмүнө арыз жазып, соттук иште өзүнө каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинди билип туруп жалган айткандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекова билдирди.  Адвокат факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул... Читать дальше...

Карашев: Бюджеттин киреше бөлүгү 4,8 млрд. сомго аткарылбай калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөттүн экономикалык өсүштөр болуп жатат деген билдирүүлөрүн сынга алып, бюджетте тескерисинче артка кетүү болуп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал 12-сентябрда, парламенттин түрдүү маселелерди караган жыйынында айтты. “Расмий маалыматтарда, ички дүң өнүмүбүз 6,2% өстү, экономикабыз өсүп жатат деп айтып жатабыз. Бирок ошол эле мезгилде бизде бюджеттин киреше бөлүгүндө 4,8 млрд. сом аткарылбай калып жатат. Экономикалык өсүш Кумтөр менен эле байланыштуу, себеби алтын өндүрүү 63% көбөйдү деп жатабыз. Читать дальше...

«Коопсуз шаардын» алкагында, адамдын жүзүн тааныган 800дөй видеокамера коюлду

Azattyk.org 

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн төрагалыгы алдында өткөн Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан көчө тилкелеринде жол кырсыктары 46,9% азайганы байкалды. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Читать дальше...

Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашат

Azattyk.org 

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүткөнү менен демаркациясы бүтө элек экенин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстандын зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.

Депутат Карамушкина: БУУ Атамбаевдин камалышына баа берсин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина эл аралык уюмдарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышына, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айланасындагы жагдайга жана телеканалдардын мүлкүн тартып алуу жагдайына көңүл буруп, баа берүүгө чакырды. Эл өкүлү мындай пикирин парламенттин 12-сентябрдагы түрдүү маселелер каралган жыйынында билдирди. - Мен бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотушун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүш керек. Читать дальше...

Иранда футбол күйөрманы өзүн өрттөдү

Azattyk.org 

Иранда 29 жаштагы аял эркектер арасында өткөн футбол таймашына кирүүгө аракет кылганы үчүн айыпталгандан кийин өзүн-өзү өрттөп, көз жумду. Анын өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратып, көпчүлүгү Иран бийлигин аялдарга стадиондорго киргенге салган тыюу сынга алышты.

ИИМ талаштуу кадрын коргоду

Azattyk.org 

Кыргызстанда Ички иштер министрлиги кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү. Буга чейин министрликтин жетекчилери ортосундагы тиреш көпчүлүктүн көңүлүн бурса, бул ирет аталган органдагы башкармалыктардын бирине мурда кылмышка шек саналган адамдын дайындалганы талаш жаратты.

Песков: Путин Дуддун Беслан боюнча тасмасын көргөн жок

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Жыл адамы» сыйлыгын тапшыруу учурунда бийликти сындап сүйлөгөн журналист Юрий Дудь, режиссёр Кирилл Серебренников жана кино сынчы Антон Долиндин сөздөрү боюнча комментарий берди. - Ар кандай дүйнөбий иш-чаралардын маанисин көбүртүүнүн кереги жок. Алардын жалпы маанайга карата айткандарын чагылдыруу жаңылыштык, - деди Песков. Ал журналисттердин «Путин Юрий Дуддун 333 кишинин өмүрүн алган Бесландагы теракт жөнүндө тарткан документалдык... Читать дальше...

Бокс боюнча дүйнө чемпионаты: кыргызстандык мушкерлерде эки жеңиш бар (видео)

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык алты мушкер мөрөй талашып жатат. Алардын башкы машыктыруучусу катары Данияр Жусубалиев барган.   Алты спортчунун ичинен алгачкы болуп 10-сентябрда рингге чыккан Эркин Адылбек уулу (81 кг) 1/32 финалдык баскычта ирландиялык Кейн Такерди жеңип алды. 11-сентябрда беларусиялык Николай Шахты (57 кг) кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу жеңип, 1/16 финалына чыкты.  Эми 12-сентябрда Арген Кадырбек уулу (63 кг) Индиядан келген Маниш Каушик... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы: комиссиянын жыйынына Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов чакырылат

Azattyk.org 

7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, кийинки отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.  Шаршембидеги жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматын угушту.  Мындан сырткары вице-премьер-министри... Читать дальше...

Улан-Удэ: акцияда Росгвардия 15 кишини кармады

Azattyk.org 

Улан-Удэ шаарында Росгвардиянын кызматкерлери бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынын катарынан 15 кишини кармаганын «Новая газета» басылмасы жазды. Күбөлөрдүн айтымында, түнкү саат экилер чамасында Росгвардиянын аскерлери акциянын катышуучулары отурган автобуска түтүн чыгаруучу шашка ыргытып, качкан адамдарды кармай башташкан. Кармалгандардын арасында аймактык парламенттин депутаты Баир Цыренов да бар. 11-сентябрда сот макулдашылбаган митингге катышканы үчүн ага 15 миң рубль айыпка жыккан. Читать дальше...

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту болот  

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-сентябрда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин сотто кайра кароо башталат. Жараян Биринчи май райондук сотунда өтөт.  Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.  29-августта... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *