Аксынын Өлөң-Булак айылындагы сулуулук салонунан эл үзүлбөйт. Ондон ашык кызмат көрсөткөн бул жайды Күмүшай Абдыкалыкова донорлордун жардамы менен түптөгөн. Жергиликтүүлөрдүн айтымында элетте соңку жылдары эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишкерлик кылган аялдардын саны көбөйгөн.
Түркияда жекшембидеги муниципалдык шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы боюнча баш калаа Анкара, Стамбул, Измир, Анталия жана Бурса сыяктуу 14 ири шаарда оппозициячыл Элдик-республикалык партия 37% добушка ээ болуп, атаандаштарынан алдыда келе жатат. Бийликтеги "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясы жарышта экинчи орунда ээлеп, 22 жылдык башкаруусунда биринчи жолу шайлоодо утулду. Президент Режеп Тайып Эрдоган жеңиштен кол жууганын мойнуна алса, Стамбул мэрлигине талапкер Экрем Имамоглу авторитардык башкаруу соңуна келгенин кыйытты.
Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү жумушсуздардын саны кыскарып жатканын билдирди. Расмий эсепте ишсиздер калктын жумушка жарамдуу катмарынын 5% жакынын түзөт. Эл аралык изилдөөлөрдөгү көрсөткүч дээрлик эки эсе көп.
"Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин Москва миграциялык мыйзамдарын дагы катаалдатууну көздөп жатат. Орусиядагы кыргызстандыктар көчөдө, үйдө текшерүүлөр көбөйүп, борбор азиялыктарга мамиле өзгөргөнүн айтышууда. Кыргыз парламенти мигранттардын соңку абалына кайрылды.