Казакстан: Кытай аскер техникалары Орусияга баратат
Министрлик кытайлыктар Орусиянын Челябинск облусундагы Чебаркуль полигонуна баратат деп тактады. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай аскер техникаларын аймактык “Чыгыш” колбашчылыгынын кароолу коштоп жүрөт.
Августтун аягында өтө турган “Тынчтык миссиясы” машыгуусуна ШКУ өлкөлөрүнүн – Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Индия, Пакистан жана Өзбекстандын үч миңден ашуун аскери жана 500дөн ашуун аскер техникасы менен курал-жарагы тартылат.
Казак куралдуу күчтөрүнүн аскер эшелондору машыгуу өтчү жерге 18-августта чыгат.
