Добавить новость
smi24.net

World News in Kyrgyz

Новости от Russia24.pro

Russia24.pro Каталог
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Все новости

Министрлик “Камбар-Ата-1” ГЭСине донорлор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди

Azattyk.org 

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна 9 донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин билдирди. Министрлик ГЭСтин плотинасынын тиби аныкталып, аны ишке ашырууга Дүйнөлүк банк мурда бөлгөн 5 млн долларга кошумча дагы 13,6 млн доллар бергенин, бул банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан) 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштарып жатканын кошумчалады. Үч өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоору... Читать дальше...

Миннеаполисте федералдык агент дагы бир кишини атып салды, миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты

Azattyk.org 

Миннеаполисте федералдык чек ара кызматынын агенти дагы бир кишини атып салды. CNN билдиргендей, каза тапкан киши - 37 жаштагы Алекс Претти. Ал реанимацияда медицина кызматкери болуп иштеп келген. Окуя 24-январдын түнү болгон. Бир нече жолу ок деген Претти ооруканага жетпей үзүлгөн. Ал АКШ жараны болушу мүмкүн. Американын Ички коопсуздук министрлигинин басма сөз катчысы Триша Маклахлин Миннеаполисте атайын операцияны федералдык чек ара кызматкерлери жүргүзгөнүн айтып, алар зомбулук үчүн изделип жаткан... Читать дальше...

Ошто айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир адам каза болду

Azattyk.org 

Ошто айдоочулар жол талашып уруша кетип, бир киши каза болду. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 24-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан 27 жаштагы адам учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Өзгөн райондук милициясынын кызматкерлери ушул эле күнү окуя болгон жерден качып кеткен 33 жаштагы шектүүнү кармап... Читать дальше...

U-20: Кыргызстандын хоккейчилери III дивизиондун В тайпасында чемпион болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медал утуп, чемпион болду. Мелдештин жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африканы 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту. Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандык спортчулары 15 упайдын барын топтоп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду алып, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.... Читать дальше...

Камакта жаткан экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Асел Аргынбаева билдирип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсүнө Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз жазганын, кийин тергөөчү сотко өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырганын айтты. 2025-жылдын ноябрь айында ИИМ 10 адамды кармаган. Читать дальше...

Бишкекте "Туткун" аттуу көркөм тасманын бет ачары өттү

Azattyk.org 

"Туткун" тасмасында Экинчи дүйнөлүк согушта колго түшкөн Калмурат аттуу адамдын тагдыры баяндалат. Ал советтик бийликтин саясатынан улам мекенине келе албай, тынымсыз кат жазып жүрүп, акыры жооп келгенде жүрөгү кармап көз жумат. Тасма эки өлкөдө, Кыргызстанда жана Германияда тартылган. Абды Сатаров, Жеңиш Сманов, Канатбек Шабдалиев, баштаган актерлор жана эки тараптагы жергиликтүү тургундар роль жараткан. Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, тасма жаратууга Германиядагы кыргыздар көмөктөшкөн. Читать дальше...

Казакстанда студент кыздын өлүмү боюнча дагы бир кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Чымкенттик студент, 21 жаштагы Нурай Серикбайдын өлүмүнө байланыштуу дагы бир кылмыш иши "Никеге мажбурлоо" беренеси менен козголду. Маалыматты жабырлануучу тараптын адвокаты Аянхан Омаров билдирди. Анын сөзүнө караганда, Чымкент шаарына Казакстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын комиссиясы жөнөтүлдү. Тажрыйбалуу полициячылардан ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Адвокат тергөө ар тараптуу, калыс жана бат жүргүзүлөт деп үмүттөнүүдө. Ошол эле учурда полиция кыздын өлүмү боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен козголгон ишти иликтөөнү улантууда. Читать дальше...

Араб эмирлигинде Өзбекстандын сегиз жараны өмүр бою эркиндигинен ажыратылды

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) соту Дубай шаарындагы жапырт мушташка байланыштуу Өзбекстандын сегиз жаранын өмүр бою эркинен ажыратты. Дагы бир жаран 25 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди. Анын айтымында, учурда Өзбекстандын тиешелүү мекемелери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү ар тараптуу иликтөө жана өлкө жарандарынын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат. Окуя 2025-жылдын... Читать дальше...

Өкмөт тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги өкмөттөгү башка тийиштүү мекемелер менен чогуу Кыргызстандын тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча берилген сунуштарды иштеп чыгат. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сунуштар президент Садыр Жапаров менен тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда берилген. 21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда мамлекет башчы экономикага салымы чоң, экспорттун жана ишкерликтин өнүгүүсүн негиздеп, элди... Читать дальше...

Кара-Кулжада жер титиреди

Azattyk.org 

24-январга караган түндө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында жер титиреди. Силкинүү саат 1:32де катталып, күчү 3 баллды түзгөн. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу аймактагы Терек-Суу айылынан түндүк-чыгышты көздөй 2 чакырым, ал эми Сары-Бээ айылынан түштүк-батышты көздөй 4 чакырым аралыкта катталган. 24-январда таңкы саат 5:07де Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында да силкинүү катталып, күчү 3,5 баллды түзгөнүн Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *