Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Абылгазиев Грузиянын тажрыйбасы менен таанышты

0
Тбилисиде өтчү «Ачык өкмөт» эл аралык демилгесинин саммитине барган кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.


Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды. Премьер Абылгазиев Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.


Ошондой эле ал Кыргызстан Грузиянын IT технология жана мамлекеттик башкаруудагы ачыктыкты камсыз кылуу жаатындагы тажрыйбасын өздөштүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.


Тбилисиге сапарынын жүрүшүндө кыргыз делегациясы салык, бажы жана туризм тармагын реформалоо боюнча тажрыйба менен да таанышты.


“Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") ​саммитине бул долбоорго мүчө болгон 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Ачык-айкын саясат жүргүзүү тажрыйбалары талкууланат. Анын ичинде Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер тууралуу да маалымат берилет.


Кыргызстан “Ачык өкмөт" демилгесине былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында «Ачык маалыматтар» саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген.(BkA)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *