Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Тажикстанда Байланыш кызматынын уруксатысыз телефон сатууга тыюу салынды

0
Тажикстанда Байланыш кызматынын расмий уруксаты жок мобилдик телефондорду сатууга тыюу салынды. Аларды кызматтан сертификат алган компаниялар гана сата алышат.


«Тажикстандарттын» уруксаты менен ар бир телефондун сапатын текшерип, андан кийин гана сатууга уруксат беребиз»,-деди Байланыш кызматынын төрага орун басары Адолат Абдурахмонзода.


Адолат Абдурахмонзоданын айтымында, компаниялар сертификат алуу үчүн акы төлөшү керек. Ал мобилдик телефондорду сатууга уруксат албаган төрт сатуучу жазага тартылганын кошумчалады.


Былтыр Байланыш кызматы өлкөдө коопсуздукту камсыздоо максатында мобилдик операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү талап кылган.


Сим-карталарды кайра каттоо дагы терроризм менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп, бул өнөктүк 2017-жылы 30-апрелде аяктаган.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *