Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Республикачылар Трамптын Хелсинкидеги позициясын кескин сындашты

0
Республикачыл сенатор, Тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Боб Коркер Капитолийде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып АКШ президенти Дональд Трамптын Хелсинкиде Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуу учурундагы позициясын кескин сынга алды. Ал катуу көңүлү калганын билдирди.


Коркер Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенинде “эч шек жоктугун” жана атайын кызмат Москванын ролу боюнча шектенүүгө мүмкүнчүлүк бербегенин кошумчалады. Ушундай эле пикирин Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан билдирди.


Финляндиянын борборунда жалпы төрт сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңундагы басма сөз жыйынында эки лидер алдыда кызматташуу ниеттерин билдиришти.


Президенттердин билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, алардын алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина, Сирия, өзөктүк куралды кыскартуу, соода жана башка маселелер талкууланды.


Трамп пресс-конференциядагы суроо-жоопто белгилегендей, ал Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу маселени көтөргөндө Путин бул ырастоолорду мурдагыдай эле четке каккан.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *