Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Мүмкүнчүлүгү чектелген 30 адам программист кесибин акысыз окуйт

0
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 30 адам бүгүнтөн баштап программалык камсыздоо жана компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз билим ала баштайт. Бул тууралуу “Тоскоолдуксуз программалоо” долбоорунун менеджери Гүлзада Ургуналиева “Азаттык” радиосуна билдирди.


Курстун катышуучулары өлкөнүн бардык аймактарынан үч этап менен тандалып алынды. Алар жарым жыл бою эл аралык жана жергиликтүү IT адистин сабагын алышат. Билим алып жаткандардын жатаканасы, тамак-ашы да бекер болот.


Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашууда.


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 178 миңге жакын майып адам болсо, алардын 29 миңи балдар.


Ал эми Кыргызстандын программисттер ассоциациясында 30дан ашуун компания катталган. Анда жалпысынан 350дөй программист эмгектенет. (КЕ)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *