Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Социалдык тармактарда зомбулукка каршы акция өтүүдө

0
Социалдык тармактарда кыз-келиндердин укугун коргоого, зомбулукту токтотууга арналган акция өтүп жатат. Ага Кыргызстандагы белгилүү ырчы, медицина кызматкери, теле алып баруучу жана жарандык активисттер катышууда.


Акцияда ар бир бешинчи нике ала качуу менен курулары, ар бир жетинчи кыргызстандык кыз 18 жашка чейин турмушка чыкканы, бир жылда 2 миңдей аял үй-бүлөдөгү зомбулуктун айынан дарыгерге кайрылары жана зордуктоого байланыштуу ар бир экинчи иш кайра токтотулары белгиленген. Мындан сырткары үй-бүлөдөгү зомбулуктун 98% эркектер күнөөлүү экени көрсөтүлгөн.


Укук коргоочулар Медициналык коллеждин студенти, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө киши колдуу болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясынан кийин деле ала качуу, зордуктоо фактылары катталып жатканын сынга алууда. (КЕ)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *