Евробиримдик Москва менен Киевдин “газ согушунун” алдын алууга аракеттенет
Орусиянын газ гиганты "Газпром" ал Европага Украина аркылуу өткөргөн көгүлтүр отундун көлөмүн буга чейин эле кыйла кемиткен.
Украина болсо мындан жана газ кууру боюнча жаңы долбоорлордон улам ал транзиттен таап келген киреше жоголобу деп кооптонот.
Андыктан Берлиндеги сүйлөшүүлөрдө "Газпромдун" “Түндүк агым - 2” газ түтүгүн төшөө пландары да талкууланмакчы.
“Түндүк агым - 2” Орусиянын газын Германиянын Балтика деңизинин жээгине Украинаны буйтап өтүп жеткире турган долбоор.
Ошондой эле бул долбоор Германия Орусиядан импорттой турган газдын көлөмүн эки эсеге чейин көбөйтмөкчү.
“Түндүк агым - 2” газ кууру долбоорун буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп да сынга алган.Кошмо Штаттар болсо Европага суюлтулган газды танкер менен ташып келип саткысы келет. (UE)
