УКМК: Адвокат Токтакуновдун билдирүүсү жалган
“Токтакуновдун бул билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар аракети катары баалайбыз”, - деди УКМКнын расмий өкүлү.
Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөөчүсү опузалап жатканы тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирген. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуш кылып, андай болбосо мурдагы премьерге жаңы кылмыш ишин ачарын айтып коркутканын айткан. (BkA)
