Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2018

Москвада "Pussy Riot" тобунун ырчысы 15 суткага камалды

0
Сот дүйшөмбү күнү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык таймашында полиция кызматкеринин кийимин кийип алып оюн талаасына чуркап чыккан "Pussy Riot" тобунун ырчысын 15 суткага камады.


Ал "спорттук иш-чарада көрүүчүнүн эрежелерин одоно бузган" деп айыпталууда.


Сот аталган топтун ырчысы Вероника Никульшинага спорттук иш-чараларга катышууга үч жылга тыюу салды. Адвокаттын бардык доо арыздары четке кагылды. Ушундай эле жаза топтун дагы үч мүчөсүнө берилди.


15-июлда "Pussy Riot" панк-тобунун катышуучулары “Милиция кызматкерлери оюнга кошулат” деген аталыштагы акциясын өткөрүп, оюн талаасына чуркап чыгышкан. Акция саясий негизде камалгандарды бошотуу, митингдерде кармоолорду токтотуу жана социалдык тармактардагы пикир үчүн кылмыш жообуна тартпоо максатында уюштурулган.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *