Жапония менен Евробиримдик эркин соода келишимине кол койду
- Биздин келишимдердин маанисин бирден онго чейинки ченем менен баалаганда мен, албетте, он деп айтаар элем. Эң биринчиден бул, албетте, экономикалык жагы. Анткени эң ири эркин соода келишими түзүлүп жатат. Ал узак мөөнөттөн алганда Европа менен Жапониянын ортосундагы сооданы чыңдап, кошумча иш орундарын жана бакыбатчылык алып келет, - деди 17-июлда Токиодо сүйлөгөндө Европа кеңешинин президенти Дональд Туск.
Евробиримдик менен Жапониянын келишимине "АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу эркин сооданын глобалдык экономикадагы ролун басаңдатпайбы?" деген кооптонуулар чыгып жаткан учурда түзүлдү.
Жапония менен Еврошаркет бириккенде дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн үчтөн бирин беришет.
Евробиримдик үчүн Жапония алтынчы ири соода өнөктөш. Былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 128 миллиард еврону түзгөн. (UE)
