Жапония менен Евробиримдик эркин соода келишимине кол койду
Келишимге шаршембиде Токиодо кол коюлду. Ага ылайык, Жапония менен Евробиримдик бири-бири үчүн автоунаалардан тартып, быштакка чейин бажы тарифтерин жоюшат. - Биздин келишимдердин маанисин бирден онго чейинки ченем менен баалаганда мен, албетте, он деп айтаар элем. Эң биринчиден бул, албетте, экономикалык жагы. Анткени эң ири эркин соода келишими түзүлүп жатат. Ал узак мөөнөттөн алганда Европа менен Жапониянын ортосундагы сооданы чыңдап, кошумча иш орундарын жана бакыбатчылык алып келет, - деди... Читать дальше...