Тайланд менен Камбоджанын чек арасындагы атышууда 33 адам мерт болду
Тайланд менен Камбоджанын чек арасында айыгышкан куралдуу кагылыш үчүнчү күнү катары менен уланып жатат. Камбоджанын Коргоо министрлиги жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин кабарлады. Маалыматтарга караганда, дагы 70тен ашык адам жараат алды. Тайланддын армиясы өлгөндөрдүн саны 20га жеткенин, алты жоокер жана 14 жайкын тургун набыт кеткенин кабарлады. Куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулду. Читать дальше...
