Нарында дарыяга машинеси менен түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды
Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолундагы “Куюш” көпүрөсү сынып оор жүк ташыган машинеси менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочу Азамат Асанбековдун сөөгү 15-августта табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлап, 41 жаштагы маркумдун сөөгүн Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери суудан алып чыкканын билдирди. 13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, КамАЗдын айдоочусу сууга агып кеткен. Читать дальше...
