Кыргызстанда мал-жандыкты сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды
Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, ал ушул эле күнү күчүнө кирди. Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эттин баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Мелдештерге катышуу үчүн даярдалган, чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар сыртка чыгарыла берет. Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен... Читать дальше...
