Арчалыда майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык шаарча куруу долбоору даярдалды
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Арчалы айылында “Максат” реабилитациялык борборунун базасында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык шаарча куруу долбоору даярдалды. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 5-февралда аталган борборго барып бул долбоор менен таанышты. "Долбоордо балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШО), аутизм спектринин бузулуусу (АСБ), Даун синдрому, өнүгүүнүн кечигүүсү жана башка майыптыктан жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүүчү реабилитациялык... Читать дальше...
