БШК №13 округ боюнча чечимин өзгөртүп, Мамытов, Алтынбеков жана Карабекованы жеңүүчү деп тапты
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округдун жыйынтыгы жокко чыгарылган чечимге байланыштуу арыздарды карады. Ушул округ боюнча үч талапкер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова БШКга кайрылып, ошол чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн. Алар №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарууга талапкер Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын добушканаларга телефон орноткону негиз болгонун, башка талапкерлердин эч кандай мыйзамсыз аракети катталбаганын жүйө келтиришкен. Читать дальше...
