Добавить новость
smi24.net
World News
Июнь
2025

Тил комиссиясы жасалма интеллект менен түзүлгөн Aitil платформасын ишке киргизди

0

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Aitil деген аталыштагы жасалма интеллект менен даярдалган платформасын түздү. 16-июнда бет ачары болуп, ага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов жана улуттук комиссиянын жетекчилиги, кызматкерлери катышты.

Платформа алты түрдүү жумушту аткарат:

Текстти үнгө айландыруу – жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет;Үндү текстке айландыруу – маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилинде жазып берет.Котормо кызматы – кыргыз тили менен он башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт;Чат-бот – колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп жооп кайтарат.Видео котормо кызматы – видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт. Мында беш мүнөткө жетпеген видеолордун шилтемесин салганда, аны бир нече мүнөттө которуп берет.Кыргызча OCR кызматы – сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти таанып, даяр текстке айлантат.Мындан тышкары кыргыз тилинде жүргүзүлгөн расмий иш кагаздарынын санарип базасы да түзүлдү. Анда иш кагаздардын үлгүлөрү жайгашкан, жарандар өзүнө керектүүсүн тандап, колдоно алышат.

Мындан тышкары улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси кыргыз тилин онлайн окуу үчүн sanariptik-okutuu.kg платформасын киргизген.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *