Добавить новость
smi24.net
World News
Июнь
2025

Журналисттер “ЖМК жөнүндө” долбоордун жоболорунун катаалдаганын билдиришүүдө

0

Журналисттер Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети экинчи жана үчүнчү окууда жактырган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоордо бир катар жоболор катаалданганын билдиришүүдө.

Жаңы редакцияга ылайык, өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражатынын түзүүчүсүнө байланыштуу бир катар талаптар коюлган.

Бул мыйзам долбоорду өкмөт сунуштап, алгачкы варианты медиа коомчулукта нааразылык жаралган. Дал ушундай шартта президент Садыр Жапаровдун макулдугу менен мыйзам долбоордун жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ага журналисттер, медиа эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген. Бир жарым жылга жакын убакыт иштеген жумушчу топ мыйзам долбоордун текстин парламентке сунуштаган.

Аталган жумушчу топтун мүчөсү, журналист Кайыргүл Урумканова парламент комитети журналисттер менен биргеликте иштеген долбоорду депутаттар эске албай, бир катар катаал нормаларды киргизгенин социалдык тармакка жазып чыкты.

“Эки жылга жакын медиа коомчулук күрөшкөн иштин баары таштанды кутусуна ыргытылды”-деп жазды ал.

Эми “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна чыгарылат.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *