Добавить новость
smi24.net
World News
Июнь
2025

Блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынды

0

Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда “адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видеосу үчүн” блогер Жанара Осмоналиева үч суткага камакка алынганын билдирди.

16-июнда анын Инстаграм баракчасына мониторинг жүргүзүлүп, милициянын каттоосуна алынган соң Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Тиешелүү иш-чаралардан кийин материалдар сотко өтүп, Ленин райондук соту Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча аны үч суткага камакка алган.

Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактарда адепсиз мазмундагы билдирүүлөр коомчулукка терс таасир этип, айрым учурда пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн экенин эскертип, буга мыйзамда чаралар каралганын белгилеген.

Блогер Осмоналиеванын буга чейин 11-июнда Бишкектеги эл аралык кинофестивалдын ачылышында ачык кийим менен барганы коомчулукта талкууга түшкөн. Буга байланыштуу Кинематография департаменти иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берген.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *