Добавить новость
smi24.net
World News
Июнь
2025

Орусия "Барки Точиктин" 300 миллион долларлык карызын кечет

0

Орусия менен Тажикстан "Барки Точик" мамлекеттик энергохолдингдин миллиондогон долларлык карызын кечүү тууралуу макулдашты.

Кеп компаниянын "Сангутдин ГЭС-1" биргелешкен ишканасына болгон 3,2 сомони (297 миллион доллар) бересеси тууралуу жүрүүдө. "Озоди" радиосунун маалыматында, карыз 2025-2034-жылдар аралыгында баскыч-баскыч менен жоюлмакчы.

Тажикстандын парламенти Сангтудин ГЭСин иштетүү боюнча Орусия менен түзүлгөн макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Расмий маалыматтарда бул чара "Барки Точик" компаниясынын финансылык абалын жана жалпы эле өлкөнүн энергетикалык тармагын жакшыртуу үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.

Протоколдун шарттарына ылайык, карызды жоюудан тышкары электрэнергияны сатып алуунун тарифтерин төмөндөтүү да каралган. Инвестицияларды кайтаруу жадыбалы да өзгөрдү.

Биргелешкен ишкананын уставдык капиталы 847 миллион долларды түзөт, 75% Орусияга, 25% Тажикстанга таандык.

"Сангутдин ГЭС-1" Вахш дарыясында тургузулган жана 2009-жылы толук ишке берилген. Станция өлкөнүн электр энергиясынын 10 пайызын өндүрөт жана түштүк райондорду электр энергиясы менен камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *