Добавить новость
smi24.net
World News
Июнь
2025

Министр жеке менчик клиникалардын ишин жөнгө салуу кыйын болуп жатканын айтты

0

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мекеменин мыйзам бузган жеке менчик клиникаларды көзөмөлдөөгө жетиштүү ыйгарым укугу жок экенин билдирди. Мындай ооруканалар бейтаптарга дарылоонун далилденбеген ыкмаларын колдонгон, окутуу боюнча гана лицензия алып, бейтаптарды кадимки шартта дарылап иштегендери да катталганын маалымдады.

“Биздин министрликтен эч кандай лицензия албай эле он чакты койка коюп, иштеп жатышат. Ар бир бейтаптан 50 миң сомдон алат. Биз барып текшерип, айып пул салганда 100 миң сомду төлөп коюп кайра иштеп жатышат. Бизде рычагдар жок. Ички иштер министрлигине өткөрүп берсек, алар өлүм фактысы катталбаса эч кандай чара көрө алышпайт экен”, - деди Чечейбаев.

Былтыр ноябрда ошол кездеги саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2080 жеке менчик клиниканын лицензиясы жок экенин, алардын ишмердигин текшерүүгө тыюу салынганын билдирген.

Кыргызстанда лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөн клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *