Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2025

Ирак: Cоода борборунда өрт чыгып, 60тан ашуун киши набыт болду

0

Ирактын түштүгүндөгү Кут шаарында чоң соода борборунда өрт чыкты. Кеминде 60 киши каза таап, көп адам жараат алганын Ирактын ички иштер министрлиги билдирди. 16-июлдун кечинде башталган өрт тез эле Hyper Mall соода борборун каптады. Бул жай беш күн мурун гана эшигин кардарларга ачкан эле. Кут шаары баш калаа Багдаддан 160 чакырым жерде жайгашкан.

Жалын эмнеден тутанганы азырынча белгисиз. Күбөлөрдүн айтканы боюнча өрт 2-кабатта кондиционер жарылганда чыккан. Куткаруучулар дайынсыздарды издеп жатканы бейшембиде кабарланды.

Аймактын губернатору үч күндүк аза күтүү жарыялап, имараттын ээсин жана аны кургандарды сотко берерин айтты. Ал 48 сааттын ичинде иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы даяр болорун билдирип, өлкөдө коопсуздук чараларын кайра карап чыгууга чакырды.

Иракта курулушта коопсуздук стандарттары сакталбагандыктан жана инфраструктуранын эскилигинен мындай кырсык утур-утур болуп турат.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *