Чарбак суу сактагычынын жээгине пландалып жаткан Sea Breeze долбоору Өзбекстанда коомдук талкуунун чордонунда калды. Белгилүү азери ишкери Эмин Агаларовдун жетекчилигинде ишке ашырылчу бул мегадолбоор экологиялык жана укуктук маселелерди козгоп, социалдык тармактарда катуу нааразылык жаратты.