Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2025

Якутияда шахтерлорду ташыган автобус кулап үч кыргыз жараны мерт болду

0

Якутияда шахтерлорду ташып бараткан автобус жардан кулап 13 адам, анын ичинде үч кыргызстандык мерт болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдиришинче, окуя 21-июлга караган түнү Нерюнгрин районунда болгон. “Чыгыш Денисовкий” шахтасынынын жумушчуларын ташып бараткан автобус кырсыктаган.

"Набыт болгондордун арасында кыргызстандык 44, 34 жана 25 жаштагы жарандар болгону аныкталды. Алардын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө аракеттер көрүлүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Якутиядан жергиликтүү басылмалар автобуста 33 адам болгонун, эки адам оор абалда экенин, набыт болгондордун арасында айдоочу дагы бар экенин жазышты. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, Нерюнгрин районунда 22-июлда аза күтүү күнү жарыяланды.

ТИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *