Добавить новость
smi24.net
World News
Июль
2025

Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилери иштен кетти

0

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болот Чолпонбаев жана анын орун басарлары Болот Апилов менен Адилет Турдуев иштен алынды.

Мэриянын басма сөз кызматы аларды шаар башчысы ишиндеги кемчиликтерден улам кетиргенин билдирди.

“Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев Ленин жана Биринчи май райондорунун санитардык түйүндөрүн текшерген, анда аткарылган иштердин сапаты жана көлөмү, көзөмөлдүн начардыгынан улам сын-пикир айтылган. Жооптуу кызматтарга мыйзам бузууларды тез арада жоюу тапшырмасы берилди”,-деп жазылган маалыматта.

Мэрияда соңку апталарда бир топ кадрдык өзгөрүүлөр, камоо менен коштолгон кызматтан алуулар болуп жатат.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Айбек Жунушалиевдин кадр саясатын сынга алган.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *