Добавить новость
smi24.net
World News
Август
2025

Жеңиш чокусуна бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка кабылды

0

Коргоо министрлиги 16-августта Жеңиш чокусуна бараткан Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конгонун билдирди. Курмандыктар жок, бирок борттогу бир нече адам жаракат алган.

Мекеменин маалыматына караганда, Ми-8 тик учагы Жеңиш чокусунда каза болгон бир туристти жана альпинисттерди эвакуациялоо үчүн барган. Аба ырайы бузулуп, тик учак кырсыктаган. Жабыркагандарды алып келүү үчүн окуя болгон жерге башка адистер жөнөтүлдү.

“Коргоо министрлиги куткаруу иштерин жүргүзүүнү улантып, өздүк курамдын коопсуздугун жана эвакуациялоо иш-чараларын аяктоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 17-январында Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын бир мүчөсү каза болгон. Сегиз адам түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Жеңиш чокусу кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан. Бийиктиги 7439 метр. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *