Добавить новость
smi24.net
World News
Август
2025

Баткенде жети айда 16 бала сууга чөгүп каза болду

0

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай ушул жылдын жети айында облус аймагынан 16 бала сууга чөгүп каза болду.

Облустук милиция кооптуу деп эсептелген канал, көлмө жана суу сактагычтардын айланаларына эскертүү тактайчалары орнотулуп, айланасында жашаган жергиликтүү тургундарга коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берилип келатканын билдирди.

“Мындан тышкары, кооптуу аймактарды тосуу жана кошумча белгилерди орнотуу максатында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каттар да жөнөтүлүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (JsA)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *