Добавить новость
smi24.net
World News
Сентябрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30

Юстиция министрлиги 47 мыйзамдын күчүн жоготту деп таанууну сунуштады

0

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 23-сентябрдагы отурумунда “Айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Юстиция министринин орун басары Кубан Казаков укуктук базаны оптималдаштыруу жана актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды жоюу максатын көздөй турганын билдирди. Ал мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында 1990-жылдан 2010-жылга чейинки укуктук-ченемдик актылар талданып, анын ичинен 47 мыйзамдын күчүн жоготту деп тааныса болот деп чечилгенин тактады.

Кубан Казаков мунун ичинде республикалык бюджеттерди кабыл алуу боюнча 13 мыйзам, мунапыска байланыштуу 20 мыйзам, негизги мыйзамдар күчүн жоготкондон калган кошумча 9 мыйзам бар экенин тактады. Ошондой эле калгандары ратификациялоо, реструктуризациялоо жана бирдиктүү салык декларациясы жөнүндө мыйзамдар экени айтылды.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда бир добуштан колдошту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жарлыкка 2021-жылы кол койгон. Ага ылайык, өкмөттүк мекемелердин, сот, укук коргоо органдарынын, эксперттердин өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ иштелип чыгып, ал мыйзамдарды ирилештирүүнү жана актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды жоюуну сунуштап келет. (ErN)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *