Добавить новость
smi24.net
World News
Октябрь
2025

ИИМ журналист Лейла Саралаевага кылмыш иши козголгонун ырастады

0

Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет жакта жүргөн көз карандысыз журналист Лейла Саралаевага кылмыш иши козголуп, сыртынан айыбы угузулганын ырастады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирип, журналистке Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу иш ачылганын айтты.

“Биз анын жазгандарында массалык башаламандыкка чакырык барбы же жокпу деп экспертизага беребиз. Экспертизадан чакырык бар деген жыйынтык чыккан”, - деди ал.

Лейла Саралаевага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен кылмыш иши козголгон.

Эки жыл мурда Кыргызстандан чыгып кеткен журналист, “Новые лица” гезитинин редактору Лейла Саралаева ага “массалык башаламандыкка чакырык” деген айып менен кине коюлганын айткан. Ал иш мурда эле козголуп, укук коргоо органдары издөө жарыялаганын эми гана билгенин Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Лейла Саралаева социалдык тармактардагы баракчаларында бийликти сындаган, Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдогон постторду жазып турат. Ушул тапта Грузияда жашап жатканын кабарлаган.

Быйыл май айында “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялап, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга илингенин билдирген. (BTo)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *