Добавить новость
smi24.net
World News
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Жапаров зомбулукту эч нерсе актабай турганын, коомдук маданиятты өзгөртүү керектигин айтты

0

Президент Садыр Жапаров 25-декабрда Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда зомбулук маселесине кайрылып, "аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат" деп айтты. Ал зомбулукка барган кылмышкер жазадан кутулбай турганын белгиледи.
“Зордук-зомбулукту айтуунун өзү да оор, бул бирок биздин коом үчүн кечиктирилгис жат көрүнүш. Анткени, алсыздарга кол көтөргөн коом эч качан цивилизациялуу коом боло албайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Мамлекет катаал чара көрөт. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт. Бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы", - деген президент Жапаров 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык багыттар берилгенин кошумчалады.
"Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл. Эч бир салт, турмуш шылтоо, зомбулукту актабайт. Ар бир ата баласына аялзатты урматтоону үйрөтүүгө тийиш. Ар бир эне кызына ар-намысын коргоону, зомбулукка каршы күрөшүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аялзаты урмат-сыйга ээ болгон, ар бир бала коргоого алынган мамлекетти кура алабыз”, - деди ал.
23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы Жибек Урустемованын өлүмүнөн кийин аялдарды коргоо, зомбулукка каршы күрөш маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Аны өз үйүндө күйөөсү тапанча менен атып салган.
Ошол күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгон. Маркум келиндин жакындарынын билдиришинче, ал сотто жарашпай турганын, ал эми күйөөсү чогуу жашагысы келерин айткан. Маркум туулган күнүндө ажал тапты.

Милицияга келиндин жакындары кайрылып, кылмышка шектүү ошол батирде кармалган.

Мурдагы милиция кызматкери, кылмышка шектүүнүн жакындарынын билдиришинче, маркум келин анын экинчи никеси болгон, ортосунда үч бала бар. Жарандык никелерин кошкондо шектүү төрт ирет аял алган.

Бул окуяга байланыштуу Биишкек милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, анын бөгөт чарасы сотто каралат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев келиндин өлүрүлүшү тууралуу маалымат берген учурда шектүү жарашканы келгенин, аялын куттуктап атайын торт менен гүл сатып алганын, экөө бир машинада чогуу келип, үйгө чогуу киргенин айтып, үй-бүлөлүк чыр-чатактан чыккан кандуу окуяга ичимдик себеп болгонун билдирген. Келинди күйөөсү жумушуна барып машинага күчтөп салып кеткен деген маалыматты жокко чыгарган.

Токтоналиевдин билдирүүсү социалдык тармактарда нааразылык жаратып, "кылмышкерди актап жатат" дегендей мазмундагы пикирлер айтылган.

Бишкектеги окуу жайлардин биринде окутуучу болуп иштеген Жибек Урустемованын студенттери милициянын билдирүүсүнөн кийин торт менен гүлдү ага өздөрү туулган күнү менен куттуктап бергенин маалымдашкан. Муну далилдеген видео менен сүрөттөр бар экенин айтышкан.
25-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кандуу окуя тууралуу комментарий берип, адам өлтүрүлгөн учурда аны кайсы бир жагдайга шылтоо орунсуз экенин айткан.















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *