Добавить новость
smi24.net
World News
Декабрь
2025

Он өлкө Газадагы гуманитардык абалга байланыштуу билдирүү жасашты

0

Газа секторунда нөшөр жаандан жана күн салкындап калганынан улам абал оорлошуп жатканына байланыштуу он өлкөнүн башкы дипломаттары биргелешкен билдирүү менен чыгышты. Канада, Дания, Финляндия, Франция, Исландия, Жапония, Норвегия, Швеция, Швейцария жана Улуу Британия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин билдирүүсү 30-декабрда британ өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Анда кыш түшкөнү Газанын жайкын тургундары өтө оор абалга кептелип турганы, 1,3 млн киши чукул жардамга, турак жайга муктаж экени, сектордогу медициналык жайлардын жарымынан көбүндө шарт жок, жабдык жетишсиз болуп жатканы белгиленди. Билдирүүдө ошондой эле инфраструктуранын толук кыйрашынан улам 740 миң киши агынды суу каптап кетүү коркунучу жогору жерлерде жашоого мажбур экени да айтылды.

Дипломаттар Израилди чукул чара көрүүгө, эл аралык уюмдардын ал жерде туруктуу негизде иштөөсүнө шарт түзүп берүүгө чакырышты.

Израил 2023-жылдын октябрында Газа тараптан ХАМАСтын (АКШжа жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) кандуу кол салуусуна кабылганын жарыялап, ага каршы согуш баштаган. Ал күнү Израилде 1200дөй киши куралчан топтун колунан набыт болгон, 251 кишини барымтага алып кетишкен.

Дээрлик эки жыл ичинде Газада, сектордун ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, Израилдин соккуларынан 70 миңдей палестин каза тапты, дагы 169 миңдей киши жараат алды.

ХАМАСтын жана Израилдин армиясынын Газадагы атышуусун токтотуу тууралуу келишим быйыл 13-октябрда Египетте АКШ, Түркия, Катар жана Египеттин тынчтык кепилдиги менен кабыл алынган. Тараптар туткундарын, барымтада кармап тургандарын жана туткунда каза болгондордун сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришти. (RK)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *