Көчмөндөр оюндарына көкбөрү жана көкпар да киргизилди
Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көкбөрү жана көкпар (жер улак) да киргизилди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Казыбек Молдажиев 15-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
Маалымат боюнча, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта борбор калаада салынып жаткан “Бишкек арена” стадионунда өтүп, негизги оюндар 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100гө жакын мамлекеттен үч миңдей спортчу катышат деп күтүлүүдө.
Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда көкбөрү жана көкпар боюнча оюндар ар кандай талаш-тартыш менен өтөт.
2024-жылы Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрү боюнча оюндар өз-өзүнчө өткөн. Көкбөрүдөн финалдык беттеште кыргыз курамасы Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жеткен.
Көкпардан да финалда казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде уткан. Көкпардан өткөн финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 35 мүнөттөй токтотулган. Бул оюндан кийин күйөрмандар арасында нааразылык жаралып, кыргыз көкбөрүчүлөрү оюн калыс болбогонун айтышкан.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.
2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган. (BTo)
