Добавить новость
smi24.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат реформадан кийин 50 миңдей адамды он чакты кызматкер тейлеп жатканын айтты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев Кыргызстанда соңку административдик-аймактык реформада айыл аймактар ирилешкени менен аларды тейлеген айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги аз болуп түзүлүп калганын билдирди. Эл өкүлү бул маселени 21-январда парламенттин жыйынындагы ар кандай маселелер бөлүгүндө көтөрдү.

“Мисалы, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Өрүктү, Балтагул айыл аймактары бириктирилип, Ала-Бука айыл аймагы деп аталып калган. Кошулгандан кийин айыл аймакта калктын саны 53 миңден ашыптыр. Айыл өкмөттүн аппараты жана кызматкерлери болгону 14 адамдан турат экен. 53 миң кишини болгону 14 кызматкер тейлеп жатыптыр. Бизге айыл өкмөттүн тургундары да, кызматкерлер да кайрылып жатат. Ага чейин ар бир айыл өкмөттө ушунчадан кызматкер болуп, алар тейлегенге жетишчү экен. Азыр эми бириктирилгенден кийин да 14 штаттык бирдик сакталып калыптыр. Алар тейлегенге таптакыр жетишпей жатат экен. Менимче, бул Ала-Букада эле эмес, башка да райондордо болуп жатса керек. Муну реформадан кийин калктын санына жараша кайрадан карап чыгыш керек”, – деди Азиз Турсунбаев.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, мурда Кыргызстанда 452 айыл аймак болсо, административдик-аймактык реформанын негизинде алар 231 айыл аймакка бириктирилген. Мындан сырткары 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлгөн. Анын ичинде Чүй облусунун айрым райондору баш калаага бириктирилип, Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейген. (ErN)















Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *